28-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Муратбек Кожобеков 28-августта хорунжий Берг казак орустар менен Пржевальскиге келаткан кыргыздарды тыптыйпыл талкалаган. 2003-жылдын бул күнү дүйнө кыргыздарынын II курултайы ишин баштады.
1916-жылдын 26-августунда Пржевальск шаарындагы орус бийлиги кыргыздардын жоон тобу келаткандыгы туурасында телеграмма алган. 28-августта хорунжий Берг казак орустары менен аларды утурлай чыгып, кыргыздарды тыптыйпыл талкалаган. “Семиреченская жизнь” гезитинин жазганына караганда, хорунжий Берг “800 чамалуу жанкечтилерди кырып, көп сандаган жандыктарды тартып алган”.

1916-жылдын бул күнү Пишпек уезддик начальниги, тоолуу аймактагы болуштуктардын козголоңу басаңдаганы туурасында атчандар полицейскийлердин стражниги Хмыров менен ага көзөмөлчү Савенковдордон билдирүү алды. Алардын кабарлоосуна ылайык Жумгал, Каракече, Курманкожо, Кочкор жана Абайылда болуштуктарында кырдаал турукташкан. Колго түшкөн козголоңчулардын көрсөтмөсүнө ылайык аларга түрк генералы жана эки европалык адам жетекчилик кылган.

1938-жылдын бул күнү Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши Ысык көлдөгү Пржевальскинин эстелигин реставрациялоого жана археолог А. Н. Бернштамдын экспедициясын каржылоо маселесин карады. Совет бийлигинин маалында улуу саякатчынын эстелиги кароосуз калып, ал ыкчам чара көрүүнү талап кылгандыктан оңдоо ишине 10 000 рубль акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми Токмок шаарына жакын жерде орун алган эски шаар чалдыбарынан орто кылымдагы Баласагун шаарын табыш үчүн жабдылган А. Н. Бернштамдын археологиялык экспедициясы үчүн 20 000 рубль берилген.

2003-жылдын бул күнү дүйнө кыргыздарынын II Курултайы ишин баштады. Курултайга 25 өлкөдө жашаган этникалык кыргыз топторунун 150 өкүлү чакырылып, алар бир эле убакта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына дал келген майрамдык салтанатка күбө болушту.

Бул күнү, 1565-жылы биринчи европалыктар түнөк алган Сан-Агостин негизделип, 1619-жылы улуу француз финансисти Жан Батист Кольбер, 1811-жылы француз окумуштуусу Огюст Браве, 1925-жылы атактуу жазуучу-фантаст Аркадий Стругацкий, 1938-жылы айтылуу жазуучу, бир канча китептердин автору Асанбек Стамов, 1948-жылы атактуу совет актеру Наталья Гундарева жарык дүйнөгө келген.