Окуу жылынын башталышы менен Баткенде мектептерде орундун жетишсиздиги көптөгөн кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Мындай жагдай Баткен шаарынын мектептеринде орун алууда. Ал эми кээ бир мектептерде үч мөөнөттө окуган учурлар да бар.
Мектептердеги орун жетишсиздиги айрыкча Баткен шаарында орун алууда. Ата-энелер балдарын жылдагыдай алты жаштан окута албай жатышат. Ушундай ата-энелердин бири, Кызылжол кварталынын тургуну Айнура Акматова буларга токтолду:
- Алты жаштагы балам бар, декабрда жетиге толок, быйылкы жылы Кызылжол мектебине берейин десем, кабыл албай жатышат. Себеби орун жок экен. Башка мектептерге берейин десем ал жакта да орун жок. Бул өтө өкүнүчтүү.
Жагдайды билүү үчүн Кызылжол кварталындагы мектебине барганымда окуу бөлүмүнүн башчысы Мубар Абдразакова мектеп 400 орунга ылайыкташтырылган, бирок учурда 800гө жакын окуучу билим алып жатканын айтты:
- Кызылжол айылы мурда кичине болгондуктан 400 орундуу мектеп курулган. Азыркы убакта жашоочулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу бизде 800гө жакын окуучу окуйт.
Ошондой эле Кызылжол мектебинде акыркы жылдардан бери башталгыч класстар үч мөөнөттө билим алып жаткандыгын аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Мубар Абдразакова ортого салды:
- Былтыр окуу жылында бизде окуучулар үч мөөнөттө билим алып жатышты. Быйыл да эки класс үчүнчү мөөнөткө кала турган болуп атат. Бул дагы бизди аябай ойлондуруп атат.
Ушундай жагдай Баткен шаарынын бардык мектептеринде орун алууда. Убагында айыл болуп турган бул шаарга тез арада чоң мектептин курулушу зарыл деген оюн Баткен облустук билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын башчысынын орунбасары Жамалидин Эшенкулов билдирди:
- Айылдардан Баткен шаарына келип окуган окуучулардын саны көп. Бүгүнкү күндө 640 орунга эсептелинген Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепбинде 1780 бала окуйт. Ал жерде санитардык түйүндөргө чейин класс кылып, балдар 35-40ка чейин тышыгыл отурат. Класстардын жетишсиздигинен жаңы мектепке зарылчылык келип турат.
Ал эми облус губернатору Султан Айжигитов 2007-жылда Баткен шаарына милдеттүү түрдө 800 орундуу жаңы типтеги мектеп куруу үчүн бюджеттен каражат бөлүнө турганын айтты:
- Конференциядан Баткен шаарына 2007-жылы 800 орундуу мектеп курулат дешти. Акча бюджеттен бөлүнөт. Чынында эле муктаждык аябай чоң. Облус болгондон бери эки жарым эсе элдин саны көбөйгөнүнө байланыштуу мектеп 2007-жылы милдеттүү түрүндө курулат деп айтты Досбол Нур уулу,- деди губернатор Султан Айжигитов.
Белгилеп кетчү нерсе, быйылкы окуу жылында Баткен облусу боюнча 220 мектепте 100 миң 720 окуучу билим алышат.
Сабыр Абдумомунов, Баткен