ТАШКЕНДЕ ТАКТАШЧУ МАСЕЛЕ КӨП

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Өзбекстан Республикасына расмий сапары башталат. Соңку бир катар жылдардагы Өзбекстан менен Кыргызстандын салкын мамилелеринен уламбы, коомчулук бул сапарда аткарылчу милдеттер арбын экендигин белгилөөдө.
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин берген маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 3-4-октябрга белгиленген расмий сапар учурунда Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов менен көп багыттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Парламентарийлар менен да жолугушууларды өткөрөт. Саясий, соода-экономикалык, гуманитардык багыттагы бир катар келишимдерге кол коюшат.

Бул расмий сапарды даярдоо иштеринин узакка созулушу да, талдоочулардын пикиринде, буга чейинки Кыргызстан-Өзбекстан мамилелеринин солгундап кеткендигине жана талданчу маселелердин ого эле арбындыгына байланыштуу. “Эркинтоо” гезитинин башкы редактору Нурланбек Шакиев эки өлкөнүн мамилелеринин салкындашын Кыргызстандын мурдагы бийлиги менен байланыштырат.

Кыргызстан менен Өзбекстанды эң оболу май айынан берки террорчулука каршы биргелешип күрөшүү иштери ымалага апкелгендиги ырас. Бирок, бул кызматташуудан чочулагандар да жок эмес. Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өзбекстандыктардын жалган жерден адам укуктарын тебелеген тажрыйбалары Кыргызстанга өтүшү мүмкүн деп кабатырланат.

Ал эми бүгүнкү Кыргызстан-Өзбекстан мамилесин Өзбекстанга коңшу турган, демек, маселени жанынан көргөн Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдыев орто деп баалайт жана Кыргызстан-Өзбекстан бийликтеринин жолугушуусунда айрыкча бул маселелер талкууга алынышын каалайт:

-Чегара ачык болуш керек. Кыргызстандын түштүгүндөгү калк виза алыш үчүн Ошко Өзбекстандын консулдугу ачылыш керек.

Баткен облустук мамлекеттик акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев Өзбекстан чегарасынан өткөн кыргызстандыктардын паспортторуна штамп бастырууну токтотуу дагы мүмкүн болбой жаткандыгын белгиледи.

“Эркинтоо” гезитинин башкы редактору Нурланбек Шакиев расмий иш сапар учурунда Кыргызстан-Өзбекстан бийликтери карай турган зарыл маселелер катары буларды эсептейт:

-Качкындар маселеси боюнча эки ача пикир бар. Алаканы алыстатып аткан ошо качкындар маселеси дегендер көп. Электр энергиясын алуу боюнча, сугат сууларын пайдалануу боюнча Өзбекстандын келишим бузган жагдайлары арбын. Кыргызстанга газды эки эсе баада сатууга, товар түрүндө эмес, накталай акча гана алууга аракеттенген учурлары белгилүү. Ошол жагдайларга эртең-бүрсүгүнү чекит коюлар деген үмүттөбүз.

Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев өзүнө таандык ТУ-154 самолёту кырсыкка учурагандыктан ТУ-134 самолёту менен Ташкенге учуп барат.

Кожогелди Култегин, Бишкек