6-ОКТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1906-жылдын бу күндөрүндө жүргүзүлгөн тактоого караганда Пишпек уездинде көчмөнчүлүктөн отурукташкан турмушка өткөн кыргыздардын саны өскөн. Түркстан генерал-губернатордугу 1916-жылдын 6-октябрында, 16-жылкы көтөрүлүшкө катышкан кыргыздардан тартылып алынган малды сатуу туурасында көрсөтмө берген.
1895-жылдын бу күндөрү чыгыштаануучулар менен дүйнөлүк илим коомчулугу, Токмокко жакын жайгашкан Бурана эстелиги туурасында маалымат алышты. Лондон шаарында орто кылым автору Мухаммед Хайдердин «Тарихи Рашиди» кол жазмасы жарык көрүп, анда айтылган Бурана мунарасы туурасындагы маалымат жана комментарийде келтирилген илимпоздордун пикири Пишпек уездинде орун алган эстелик жөнүндө кабар топтоого мүмкүнчүлүк берген.

1906-жылдын бу күндөрүндө жүргүзүлгөн тактоого караганда Пишпек уездинде көчмөнчүлүктөн отурукташкан турмушка өткөн кыргыздардын саны өскөн. Отурукташууга кирген кыргыздарга империялык бийлик тарабынан керектүү колдоо көрсөтүлүп турган. Пишпек уезддинде 70 чамалуу отурукташкан кыргыз кыштактары орун алып, анда 8 миңдей түтүн, тактап айтканда 40 миң адам жашаган.

1916-жылдын 6-октябрында Түркстан генерал-губернатордугу 16-жылкы көтөрүлүшкө катышкан кыргыздардан тартылып алынган малды сатып, кошумча капитал топтоо туурасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы бир эскертүү жиберген.

1918-жылдын 6-октябрында Жетисуу областык Советтин I съезди ишин баштады.

1940-жылдын бу күндөрү Москва шаарында профессор Константин Кузьмич Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгү» жарык көрдү. Сөздүктөгү кыргызча сөздөр латын тамгасында берилгендиктен, анын мааниси «эскирген» деп бааланган. Бирок сөздүктү түзүү ыкмасы, сөздү талдоо жолу калган түрк тилдүү калктардын сөздүгүн түзүү үчүн үлгү катары кабыл алынган.

2003-жылдын 6-октябрында Франциянын борбору Парижде башталган ЮНЕСКОнун XXXII сессиясына кыргызстандык делегация катышты. Сессияда президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, андан кийин Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосунда «Кыргызстандагы тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу» макулдашууга кол коюлду.

Бу күнү, 23-жылы козголоң чыгарган дыйкандар Кытай императору Ван Мандын башын алып, 1526-жылы англис дин рефарматору У. Тиндейл ересь үчүн отко өрттөтүлүп, 1506-жылы немец географы Мартин Бехайм, 1882-жылы поляк композитору Кароль Шимановский, 1914-жылы норвегиялык саякатчы, этнограф Тур Хейердал, 1943-жылы сүрөтчү Александр Шилов, 1949-жылы акын Асан Жакшылыков жарык дүйнөгө келген.