ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ ЖАГДАЙДЫ ОҢОЛГУС ДЕГЕНГЕ БОЛБОЙТ

Жакында Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Адам укуктары боюнча Варшавада өткөн жылдык конференциясында Азаттык Радиосу Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы боюнча тегерек стөл талкуусун өткөргөн.
Түркмөнстандагы окуяларды көптөн бери чагылдырып келаткан журналист Акмухамед Велсапардын айтымында Түркмөнстанды башкарып жаткан азыркы өкүмдар бийлик советтик доордон башат алат.

"Мурдагы советтик республикалдар менен салыштыра келгенде Түркмөнстанда эң начар жагдай өкүм сүрөт. Мындай акыбал бир эле күндө түзүлө койгон жок. Бул жылдардан бери орногон жагдай жана азыркы проблемалардын көбү советтик убакыт менен байланыштуу",-дейт Велсапар.

Өлкөнү тышкы дүйнөгө төрт тарабы төп келишкен, гүлдөп- өсүп жаткан бейкапар өлкө деп көрсөтүү аракети көптөгөн куугунтуктоолордун арты менен жасалууда. Тегерак стөлдүн катышуучуларынын айтымында, ал максат өлкөдөгү реалдуу абалды көрсөтүүгө аракеттенгендерди соттоп -камоо жолу менен эле эмес, сын көз караштагыларды жашаган жеринен кубалап, баш калаадан чыгарып жиберүү жолу менен жетишилип атат.

Советтик учурда кайсы бир идеяны асыл-нарк катары калкка таңуулоо ыкмасы кеңири колдонулуп келгени маалым. Түркмөн бийлигинин колунда бул ыкма күчтүү аспапка айланды. Түркмөнбашынын Рухнама деген китеби мектеп программаларына башкы сабак катары киргизилген. Ошол эле маалда мектеп программалары одоно кыскартылып, балдарга ар тараптан терең билим берүү калып баратат. Болгарияда жайгашкан Түркмөнстан-Хельсинки Корунун төрайымы Тажигүл Бегметова тегерек стөл маегинде буларды айтты:

"Мектеп программаларынын кыскартылышынан 3 миллионго жакын бала жабыркоодо. Чоңойуп келаткан муун Менделеевдин ким экенин билбейт, алардын Нобель сыйлыгынын лауреаттары менен дүйнөлүк адабияттын классиктеринен кабары жок. Окуучулар Ниязовдун күмөндүү чыгармаларынан башка эч нерсе билишпейт",-дейт укук коргоочу.

Бул жерден Бегметова дүйнөдө болуп жаткан окуялардан обьективдүү кабар алуунун өзү түркмөндөр үчүн кол жеткис нерсе болуп калганын белгилеп өттү.

Түркмөнстандагы өкүмдардыкты сынга алгандар Варшавадагы конференцияда расмий түркмөн өкүлдөрүнүн каршылыгына дээрлик туш болушкан жок, анткени туш-туштан сынга алынаарын сезген расмий түркмөн өкүлдөрү адам укуктарына арналган иш чараларга катышкан жок. Конференцияга Түркмөнстандын бейөкмөт уюмдарынын бири да келген жок, анткени өкмөт аларды өлкөдөн чыгарбай койгон.

Бирок мунун баарына карабастан норвегиялык укук коргоочу, "Форум 18" деген укук коргоо тобунун мүчөсү Жон Кинахан Түркмөнстанда өкүм сүргөн жагдайды "оңолгус" деп атоого болбой турганын айтты. Ниязов эл аралык коомчулуктун пикирине таптакыр эле кол шилтеп койо албайт, дейт ал.

"Ниязов өзүнүн имиджине тынчсызданганын, анын алдында маселе койгон адамдарды жоопсуз калтырбасын билебиз",- дейт укук коргоочу.
Түркмөнстандын өзүндө кысмакка алуу мүмкүн дээрлик мүмкүн эмес болуп турган президентти эл аралык коомчулук кысымга алып, реформаларды жүргүзүүгө мажбурласа болот. Мисалы жакында Европарламенттин Соода комитети адам укуктары одоно бузулуп жаткан Түркмөнстан менен соода келишимин түзүүгө каршы чыккан.

Баян Жумакадыр кызы, Прага