ОППОЗИЦИЯ: "СҮЙЛӨШҮҮНҮ ПРЕЗИДЕНТТИН ӨЗҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАТТЫ"

“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү жолугушуунун форматын бузууга президент өзү жол берди деген пикирлерин билдиришүүдө. Ал эми президент оппозициячыл саясатчылардын жолугушууга келбегенин, алар диалог эмес өктөм талап коюу жолун тандап алышканын белгиледи. Айрым байкоочулар бул жолугушуунун үзгүлтүккө учурашын бийлик менен оппозициянын бир-бирине кыр көрсөтүп, тирешүүсүнүн натыйжасы катары баалашууда.
21-октябрдагы жолугушууну үзгүлтүккө учуратууга президент өзү түрткү берди, дейт “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөсү Мелис Эшимканов.

-Менимче, бул - Курманбек Салиевичтин кезектеги оюну, шылтоосу, жолугушуудан качкандагысы. Анткени, мен президент менен 18-октябрда жолугушканда сүйлөшүүгө келүүчү азаматтардын тизмесин айтканда Текебаевге, Бекназаровго, Отунбаевага, Атамбаевге нааразылык билдиргендей, алар менен эмнени сүйлөшмөк элем, дегендей мамиле кылып койгон.

Эшимкановдун айтымында, өлкө башчысы эгерде оппозиция сунуштагандай жолугушуу өткөрсө, ошо күнү аталган кыймылдын беш талабын аткарууга мажбур болушу мүмкүн эле.

Анда Жогорку Кеңеш менен макулдашылган баш мыйзамдын долбоорун парламентке сунуштоо, эл ишениминдеги өкмөттү түзүү, КТРды коомдук телевидениеге айландыруу, “Пирамида” теле каналын калыбына келтирүү, башкы прокурор Камабаралы Конгантиев менен анын иниси Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Молдомуса Конгантиевди кызматтан кетирүү, үйбүлөлүк бизнеске чекит коюп, коррупция менен чындап күрөшүү талаптары бар болуучу.

Мына ушул талаптарды аткарууга президенттин саясий эрки жетпей, жолугушуунун форматын өзгөртүүгө жол берди.

Ал эми президент Бакиев болсо өкмөт башчы, президенттин администрация башчысы, мамлекеттик катчы менен жолугушууда, оппозиция бийлик менен диалогко баргысы келбей өктөм талап коюу жолуна өтүшкөнүн айтты.

-Биз жактан катыша турган кишилерге каршы болушуп, барбайбыз президентке дешти. Макул. Жакпаган кишилери жок эле жолугушалык десек буга да макул эмес.Бул деген урматтуу коллегалар, өктөм талап коюу дегендик. Бул диалог эмес.

Президент ошондой эле жолугушууга оппозиция тараптан катышуучу он төрт адамга тең салмактап, бийлик тараптан Жогорку соттун төрагасын, саясий партиялардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн катышуусу сунушталгандыгынан эч кандай кынтык издөөгө негиз жок экендигин билдирди. Анын баамында, оппозиция бийликти урматтабай, кур доомат коюууга өттү.

Ал эми Мелис Эшимканов эки ортодогу тымызын жаман ниетти президент өзү жүргүзүп жатат, деп эсептейт.

-Бизге Садыркуловду, Абдылдаевди эки үч жолу жиберип, келгиле жаңы өкмөт түзөлүк. Куловдун ордуна сен бол. Мунун ордуна сен бол, деп интириганы өзү жүргүзүп атпайбы. Мен сурадым президенттен. Сизден ушинтип чабармандар келип атат, дедим. Президент андай тапшырма берген эмесмин дейт. Медет Садыркулов оппозициянын лидерлери менен Алмаз Атанбаевдин үйүндө жолугушуп президенттин сунушун айтканда биз ишенбей койгонбуз. Садыркулов нан кармап президенттин атынан келдим, деп айтпадыбы. Булардын өзүлөрүнүн командасында ич ара ыйкы-тыйкысы көп.

Мелис Эшимканов жеке өзү президент менен “ийри отуруп, түз кеңешүүгө” барууга макул экендигин билдирди.

Экс-депутат Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, бүгүнкү акыбал март окуясынын биринчи күндөрүнөн эле пайда болуп, бийликтин убадасы, элдин суроо-талаптары аткарылбаганынын негизинде келип чыкты. Ал ошондой эле “эрегиштен эр өлөт”, дегенге жеткирбей эки тарап сүйлөшүүгө баруусу керектигин айтты.