ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: ПРЕЗИДЕНТИК-ПАРЛАМЕНТТИК АЙКАШ СИСТЕМАНЫ СУНУШ КЫЛУУДАБЫЗ

Жогорку Кеңеш өткөн түнү чукул жыйын чакырып, бирок кворум болбогондуктан, Конституцияны кабыл алуу үчүн Уюштуруу жыйынын түзгөн болчу. Уюштуруу жыйыны 2005-жылдын 17-июлундагы жана быйылкы жылдын 31-октябрында президент менен макулдашылган долбоорду негиз катары алып жаңы Конституцияны кабыл алып баштаган. Ушул саатка чейин Башмыйзамдын жаңы долбооруна 40 депутат кол коюшканы айтылууда. «Парламенттик жана президенттик бийликтин айкалыштырылган, Кыргызстанга ылайык келген аралаш системаны сунуш кылып отурабыз»,- деп билдирди «Реформа үчүн» кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка".
- Депутаттар жаңы Конституция үчүн кол коюп, добуш берүүдө, ушул сааттарга карата канча депутат кол койду?

- 36 депутат кол койду (Эртең мененки саат 7.10. Кийин ага 40 депутат кол койгону айтылууда). Бир топ депутаттар командировкада болгондугуна байланыштуу, алардын бүгүн он экиге үлгүрүп келээри күмөн болуп турат. Балким телефон, факс аркылуу убакыттын узарышын каалаганын билдирип жатышат. Бүгүнкү күндүн 18.00 чейин биз узартышыбыз мүмкүн.

- Демек, негиз катары былтыркы жылдын 17-июлундагы жана быйылкы жылдын 31-октябрда президент менен оппозициянын сүйлөшүүсүнө макулдашылган долбоор кабыл алыныптыр. Бизди азыр Кыргызстандын көпчүлүк калкы угуп жатат деген үмүттөбүз. Демек эл эмне Конституция кабыл алынып жатышын билиши керек. Негизги айырмачылыктар эмнеде?

- Биз парламенттик-президенттик форма деп айтып жүрөбүз. Бүгүн биз президент тарабынан шайланып сот бийлигин, прокуратураны, шайлоо бийликтерин, эсептөө комиссиясын калыптаганга түздөн-түз катышабыз. Ал эми президент экономикалык башкаруудан четтетилип, экономика өкмөткө берилет, ал эми өкмөттү куроо бул парламенттик көпчүлүкө берилет. Ошентип парламенттик жана президенттик бийликтин айкалыштырылган, Кыргызстанга ылайык келген аралаш системаны сунуш кылып отурабыз.

- Эгер депутаттардын көпчүлүгү чын эле жактырса, президент Бакиевдин да кол коюусу талап кылынабы бул процедурада?

- Жок. Бул мыйзам Уюштуруу жыйынын мүчөлөрүнүн кол коюлушунан баштап күчүнө кирет. Бирок бул саясий документ, юридикалык документ эмес. Жаңы Конституциянын жол-жоболору эч жерде көргөзүлгөн эмес. Бул тарыхый татаал кырдаалдан гана уюштуруу жыйынынын мүчөлөрү жаңы башкаруу системасын түзүп жатышат. Эң негизгиси бул Конституцияны көптөгөн коомчулук, көптөгөн атуулдар моюнга алыш керек. Ошондуктан биз бул конституцияны колдоо боюнча митинг чакырып жатабыз. Ушуга окшогон митингдер жер-жерлерде болот. Жергиликтүү уюмдар, мамлекеттик ишканалар канчалык көп ушул Конституцияны колдогонун билдирсе, бул Конституция ошончолук легитимдүү болуп күчкө ээ болот.

- Жаңы Конституция кабыл алынган шартта президенттин, парламенттин, өкмөт ыйгарым укуктарынын да мөөнөтү жөнүндөгү маселе кандай чечилиши керек?

- Шайланган бийлик органдары Конституциялык мөөнөтүнүн аягына чейин калат. Болгону бир гана бул жерде өкмөт кайрадан түзүлүп, жаңы өкмөт болот.

- Кокус, 36 көп добуш топтолбой калсачы, сиз айтып жаткандай бүгүнкү жагдайдан улам?

- Көп добуш жыйналат, бул толук мүмкүн. Ошондуктан эртең биз Конституциянын кабыл алынган күн деп айта алабыз. Бирок, Конституциялык күн болуп 5-май кала берет. Бирок бүгүн Конституция кабыл алынат деп ишенем.

- Тарыхта белгилүү революция күнү бар. Кыргызстанда да Конституциялык революция жасалды деп айтууга болобу?

- Жок. Биз айтып атабыз, 5-май Конституция күнү катары кала берет деп атабыз. Анткени бул биздин тарыхыбыз. Эң биринчи биз жаңы көз каранды эмес өлкөнүн Конституциясын кабыл алганбыз. Улам жаңы тарыхый окуя болгон сайын, биздин тарыхыбызды жаңылап турсак, менин оюмча туура эмес болуп калат.

- Четтен реакция кандай болушу мүмкүн?

- Менимче, бул биздин ички ишибиз. Эгерде мыйзамга ылайык адамдардын укугун тебелеп-тепсебестен, тынчтык жол менен болсо чет элдик мамлекеттер, чет элдик уюмдар түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм.

- Ал эми “Реформа үчүн” кыймылынын митинги бүгүн улантылабы?

- Сөзсүз. Анткени Конституция кабыл алынгандан кийин эле күчүнө кирбейт. Мен айттым го юридикалык эмес саясий документ, ошондуктан жаңы Конституцияны колдогон күчтөр Кыргызстанда канчалык көп болсо эрте күчүнө кирет.

- Эми ушул кабыл алуу жараянын кокус келечекте тарых үчүн деле кандай документтештирип жатасыздар?

- Конституция эки тилде эки экземплярдан толтурулуп жатат. Бир экземпляры Жогорку Кеңеште атайын сейфте сакталат, ал эми экинчи экземпляр тарых музейине коюлат. Ар бир депутат өз колун коет. Бул документ мисалы мурун президент менен төрага кол койсо, бул документке добуш берүүгө катышкан бардык депутаттар өз колун коет. Ошентип бул өзгөчө ушундай документ болуп калат.

Маектешкен Улан Эшматов