Ош шаарындагы президент Курманбек Бакиевди колдоо митингинин аягында губернатор Жантөрө Сатыбалдиевдин ордуна биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаевди алып келип олтургузуу аракети ишке ашпай калды.Кушбак Тезекбаевдин жактоочулары митингдин жүрүшүндө губернаторду Акаевдин куйругу деп айыпташып, ал өзү кызмат ордунда жок учурунда губернатордук орунду басып алууга чакырык ташталды.
Президент Курманбек Бакиевди жана премьер-министр Куловду колдоо митинги учурунда чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү кандайдыр бир күчтөр тарабынан түндүк-түштүк маселесин саясатка айландыруу аракеттери болуп жаткандыгын айыпташып, карапайым эл эч убакта бөлүнбөй тургандыгын эске салышты:
- Асан түндүктө жашаса, Үсөн түштүктө жашайт. Асандын башы, же бармагы түндүктө ооруса түштүктө жашаган Үсөндүн башы, бармагы ооруш керек, - деди чыгып сүйлөгөндөрдүн бири Сатыбалды Бекбоев.
Митинг жүрүп жаткан учурда Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаевдин жактоочулары губернатор Жантөрө Сатыбалдиевди оппозицияга жан тартып жатат деп айыпташып, анын кызмат ордун алып койуу аракеттин көрүүгө чакырык ташташты:
- Бүгүндөн баштап Сатыбалдиевди Акүйгө киргизбейбиз. Кетсин, - деди Кушбак Тезекбаевдин жактоочуларынын бири Калмамат Камчыбеков.
Тынчтыкка, биримдикке чакырык салган митинг аяктап калган учурда губернатордун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаевдин жүзгө жакын адамы облустук акимчиликтин ичине кирип барууга аракеттенип, губернатор Жантөрө Сатыбалдиев оппозиция менен бийликтин атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан убактан пайдаланып аны кызматынан четтетүүнү талап кылышты. Бирок акимчиликти кайтарууга алып турушкан милиция кызматкерлери мындай аракет мыйзам бузууга жатаарын эскертишип, тартип бузуучуларга карата күч колдоно тургандыгын айтышты.
Mилициянын эскертүүсүнөн кийин гана губернаторду кызматтан четтетүүнү талап кылышкан Кушбак Тезекбаевдин адамдары таркап кетишти. Президентти колдоо митингинин мындай багытта өнүгүшүн “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук бөлүмү сынга алып, иш-чара административдик ресурстарды пайдалануу менен гана уюштурулбастан анда айрым бир жергиликтүү чиновниктер учурдан пайдаланып кызмат ордун мыйзамсыз басып алууга аракет жасашты деп айыпташты:
- Негизинен митингге катышуучулардын 90 пайызы өз каалоосу менен келген жок. Бардыгын мамлекеттик бийликтен чакыртышты. Айыл өкмөт башчыларын, кызматкерлерди мажбурлап алып келишти. Мунун негизги уюштуруучусу Кушбак Тезекбаев, - деди “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Төлөгөн Келдибаев.
Жергиликтүү талдоочулардын баамында өлкөдөгү саясий туруктуулукту жана тандемди колдоо митингисине болжол менен жети миңден он миңге чейинки сандагы адам катышты.
Кубанычбек Жолдошев, Ош