Бишкекте бүгүн Борбор Азия боюнча аймактык медиа жыйын өтүүдө. Анда мамлекеттик телекомпанияларды коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу маселеси талкууланууда. Ноябрдагы митингдин катышуучулары чын эле куугунтук жеп жатабы? Ушул жана башка суроолордун айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев менен кабарчыбыз Венера Сагындык кызы маектешкен.
-Каныбек мырза, саламатсызбы
-Саламатчылык.
-Ноябрдын башында өткөн митингдин башкы талаптарынын бири - Мамлекеттик телекомпанияны коомдук телекөрсөтүүгө айландыруу болду эле. Бул иште кандайдыр бир жылыш барбы?
-Тилекке каршы, жылыш жок. Кыргыз телерадиокорпорациясын коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу жөнүндөгү мыйзамды июнь айында 53 депутат добуш берип колдогон. Ошол мыйзамдын автору мен жана депутат Өмүрбек Текебаев. Президент кол койбой вето басып кайтарып жиберген. Өзү дагы билдирүү жасаган бул мыйзамга кол койбойм деп. Бирок ноябрдагы митинг учурунда ал убада берген бул мыйзамга кол коюп берем, кээ бир өзгөртүүлөр менен деген. Тилекке каршы, кол коюла элек. Жакында биз парламентте көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен ветого каршы добуш берүүгө аракет кылабыз. Бирок, Указга кол коюлду. Эми Указдын принциптери башка да, ал эми мыйзам такыр бөлөк.
- Сиз мурдагы президент Акаевдин маалында маалымат катчысы болуп жүрдүңүз. Демократиялык аралча курууну кыялданган Акаев эмне үчүн элдин кызыкчылыгында ошол кездеги КТРдин ишин реформалаган жок?
-Андан бери жети жыл өттү. Ал убакта коомдук пикир дагы, саясий аң-сезим дагы даяр эмес эле. Европа мамлекеттери эми араң өтүп жатат коомдук телекөрсөтүүгө. Азыр убакыт дагы, саясий кырдаал дагы, журналисттердин өзүнүн талабы дагы ошого бекилип, бышып калган учур да.
- Бишкекте чогулган укук коргоочулар мамлекеттик телеканалдан оппозициячыл саясатчыларды жаманаттылоо компаниясы жүрүп жатат деп айтышты. Бул ноябрдагы катышуучуларга каршы компаниябы?
-Сыягы ошондой деп ойлойм. Бул уланып жатат. Алардын үй бүлөсүнө. Мисалы, Иса Өмүркуловдун үйүнө барып граната ташташты. Андан кийин Эдил Байсаловду сабап кетишти. Мамлекеттик телекөрсөтүүлөрдө, басма сөздө аларды жаманатты кылуу компаниясы уланып жатат.
- Жаманаттылоо компаниясы тескери жемиш берерин 24-марттагы ыңкылаптын алдындагы окуялар деле көрсөтпөдүбү. Өкүнүчтүүсү - биздин бийликтегилер сабак алышпайт го. Деги азыркы маалымат майданындагы кырдаалды кандай баалайсыз. Айрым журналисттер мурдагыга караганда кыйла эркиндик бар деп жатышат?
-Мисалы, басма сөздө “Агым” гезитинен башка эркин басма сөз бар экенин байкоо өтө кыйын. Жаңы басма сөздөр пайда болду. Бирок алардын редакторлору же кожоюндары жаңы бийликтин өкүлдөрү же ошолордун тегерегиндеги адамдар. “КООРТто” кандай окуя болгонун билесиздер. «Пирамидада” бир жылдан бери өрттөп кетүү, сабап кетүү болуп жатат. НТСти дагы укук коргоо органдары чакырып жатат. Азыр эркин телекөрсөтүүдөн “НТС” калды. Бирок алардын дагы келечеги кандай болот, ким билет.
- Биз менен болгон маегинде “Аластын” башкы редактору Түгөлбай Казаков айтты эле. Сиз өзүңүз чыгармачыл адамсыз. Ыр жазасыз. Мындай кишилер ички жан дүйнөсүнө көбүрөөк көңүл бурат эмеспи. Марттагы окуялар болоорун билгенде мурдагы бийлик турушунда башкача иштейт белеңиз?
- Мен ошол мурунку бийликте 1996-жылдан 1999-жылга чейин иштегем. Андан кийин 2000-жылы депутат болдум. 24-мартка чейинки бийликте отургандар дагы эле бийликте отурушат. Анан бир логикалык мыйзам ченемдүүлүк болду да. Биринчиден, ошол жактагы коррупциянын гүлдөп өсүп кетиши. Экинчиси, шайлоо учурунда кээ бир округдарда административдик ресурстардын пайдаланылышы. Ошол учурда мамлекет, бийлик аларга адекваттуу саясий чечим кабыл алууга даяр эмес экен. Мен мурда кандай иштесем азыр да ошондой иштейм. Саясий принциптерим өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт.
-Ырды сурап калдым. Азыр кандай ыр жазып жатасыз?
-Азыр негизинен саясий публицистика, саясий тема, улуттук идеология, политология темаларына, башкача айтканда, доордун агымына жараша иш кылып жатам.