Нарын АЙЫП, Прага Ирак маселеси боюнча АКШ Конгресси үстүбүздөгү жылдын март айында түзгөн комиссия 6-декабрда өз докладын жарыялаш керек. Анын негизги жыйынтыктары - Ирактагы америкалык аскерлер өлкөдөн 2008-жылга чейин чыгарылууга тийиш жана Ирактын кошуналары Иран жана Сирия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тийиш.
Он адамдан турган ал комиссия президент Жорж Буш менен Вашингтон убактысы боюнча эртең мененки саат жетиде жолугуп, докладды ага расми түрдө тапшырат. Бишкекте ал убакта кечки саат алты болот. Бир жүз алтымыш беттен турган ал докладды "Рэндом хаус" басмаканасы өзүнчө китеп кылып дагы чыгарууда. 5-декабрда болсо комиссиянын эки тең-төрагасы - мурдагы мамлекеттик катчы Жеймс Бейкер жана мурдагы конгрессмен Ли Гамилтон президент менен жолугуп, аны докладдын мазмуну менен тааныштырышты.
Батыш маалымат каражаттары жазганга караганда, эки негизги жыйынтыкты атай кетсе болот. Биринчиден, Ирактагы америкалык аскерлер өлкөдөн 2008-жылы чыгарылууга тийиш жана ага чейин өлкөнүн куралдуу күчтөрүн өз алдынча аракеттенүүгө машыктырат. Экинчиден, Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн Ирактын негизги кошуна мамлекеттери Иран жана Сирия менен сүйлөшүү жүргүзүп, алар менен кызматташууга тийиш.
Президент Жорж Буш бул маселе боюнча башка уюмдарга дагы тапшырма берген жана алар өз алдынча докладдарды даярдап жатат. Мисал үчүн, Пентагон, Мамлекеттик катчылык, Улуттук коопсуздук боюнча кеңеш азыр өз сунуштарын иштеп чыгууда. Бейкер менен Гамилтондун комиссиясы жасаган сунуштарды президент сөзсүз аткарууга милдеттүү эмес. Ошондуктан ал бардык башка сунуштарды карап чыгып, анан чечим кабыл алат.
5-декабрда Буш жаңы коргоо министри болуп Роберт Гейтстин дайындалганын Конгресстин комитети бекиткенде АКШ Иракта сөзсүз жеңишке жетет деп билдирди: "Биз утуп жатабыз жана биз утабыз. Өз милдетибизди аткарып бүтмөйүнчө биз кетпейбиз", - деди Буш.
Ошол эле күнү президент Вашингтон шаарында Ирактын шийи мусулмандарынын жетекчиси Абдул Азиз Хакимди кабыл алганда, Ирак өкмөтү өз алдынча аракеттенип, өлкөдөгү абал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алыш керек деп билдирди: "Ирактагы абалдын жөнгө салынып жатканынын ылдамдыгы бизди канааттандырбайт. Суверендүү Ирак өкмөтү менен кызматташууну биз улантабыз жана биздин алдыда турган жалпы максатка жетишебиз. Ирак - өз алдынча, эгемендүү мамлекет, ал өзүн өзү башкарууга, өзүн өзү коргоп, өз алдынча өнүгүүгө кудуреттүү", - деп билдирди Буш.
Ирак комиссиясынын докладында келтирилген сунуштарды Багдад дагы колдоого алууда. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики 5-декабрда атайын билдирүү жасап, жакын арада Ирактын келечеги тууралуу ири жыйын өткөрө турганын жарыялады жана ал конференцияга Иран менен Сириянын өкүлдөрү дагы чакырылды. Вашингтон андай демилгени колдоду.