Нарын АЙЫП, Прага 5-декабрда Брюсселде Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун саммити аяктады. Мурдагы СССР аймагындагы конфликттерди жөнгө салуу боюнча тараптар бир пикирге келе алган жок, уюмга 2009-жылы Казакстандын төрагалык кылуу маселесин чечүү кийинкиге калтырылды.
Уюмга кирген 52 мамлекеттин тышкы иштер министрлери ар бир жылдын аягында жыйын өткөрүп, биргелешкен Декларация кабыл алат. Бирок быйылкы саммитте кызуу талаш-тартыш чыкты жана жалпы Декларация кабыл алынганы менен, анда - тараптар ар башка пикирде калганы жазылды. Ал эми жыйындын негизги темасы - мурдагы СССРдин аймагындагы конфликттерди чечүү маселеси боюнча даярдалган документ кабыл алынбай калды.
Грузиянын аймагындагы Абхазия менен Түштүк Осетия, Молдованын курамындагы Днестр жумурияты жана Азербайжандын алкагындагы Тоолуу Карабак маселелери талкууланган, бирок талаш-тартыш негизинен Грузия менен Молдованын аймагынан орусиялык аскерлерди чыгаруу проблемасына такалды. Аскерлерди чыгарып кетүүгө Маскөө 1999-жылы Ыстамбул шаарында өткөн жыйында убада кылган, бирок эмгиче ал убаданы аткара элек.
Жыйын баштала электе эле орус тышкы иштер министри Сергей Лавров уюмду катуу сынга алып, анын өзүн реформалаш керек деп чыккан. Анын пикиринде, уюм негизинен коопсуздук жана экономикалык маселелерге көңүл буруш керек, ал болсо демократия жана адам укуктары жөнүндө гана тынчсызданууда.
Анткен менен Абхазия жана Днестр маселелерин чечүү, же Молдова менен Грузиянын аймагынан орусиялык аскерлерди чыгаруу - коопсуздук маселеси жана бул тармакта даярдалган документ кабыл алынбай калганы жөнүндө АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бөрнс өз өкүнүчүн билдирди:
"Тилекке каршы, Грузия жана Молдова боюнча чечим кабыл алынбай калды. Бүгүнкү жыйынга катышкан мамлекеттердин көпчүлүгү Орусияга кайрылып, 1999-жылы жасалган убаданы аткарып, Грузиядагы аскерлерин жана Молдовада калган аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырды. Бул эки мамлекет толук эгемендүү жана суверендүү болууга арзыйт жана АКШ алардын бул укугун коргоого келечекте дагы колдоо көрсөтөт", - деп билдирди 5-декабрда Бөрнс.
Казакстандын уюмга төрагалык кылууга көрсөткөн талапкерлиги боюнча дагы кызуу талкуу болду. 4-декабрда Брюсселдеги башка жыйынга келген казак президенти Нурсултан Назарбаев - Батыш мамлекеттери айткан сынга карабай, ал Казакстандын талапкерлигин алып салбай турганын билдирген, бирок маселе чечилген жок жана эмдиги жылдын ноябрдында Мадрид шаарында өтө турган жыйында каралмай болду.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы Белгиянын тышкы иштер министри Карел де Гюхт ал тууралуу минтип aйтты:
"Казакстан боюнча кабыл алынган чечим канааттандырарлык жана анын эки жагын белгилей кетиш керек. Биринчиден, маселе эми Мадридде каралат. Экинчиден, Казакстан ага чейин демократиялык рефомаларды ишке ашыра турганын билдирди. Бул эки нерсе бир-бирине байланышып жатканы өтө маанилүү", - деди белгиялык министр.