Аптанын аягында HIPC программасына арналган парламенттик угуу өткөрүлдү. Жогорку Кеңеш депутаттары, бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү HIPC Кыргызстандын эларалык кадыр-баркын түшүрүп, өлкөнүн өз алдынча экономикалык саясат жүргүзө албастыгын көрсөтөрүн белгилешти. Өкмөттөн программага кирүүдөн баш тартышын талап кылышты. Министрлер кабинети азырынча программага кириш-кирбеш маселесин чече элек.
Өкмөт башчынын биринчи орунбасарынын милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов өткөн жылдын май айында түзүлгөн комиссия тышкы карыздарды жоюунун HIPC программасынан башка жолдорун иликтеп чыкканын маалымдап, эларалык каржы уюмдары менен эки маселе боюнча келише албагандыгын ачыкка чыгарды.
- “Центерpанын” акцияларын пайдалануу маселеси боюнча келише албадык. Эларалык каржы уюмдары биз HIPCке киргенден кийин “Центерpанын” акцияларын кантип пайдаланууну алар менен кеңешип чечүүнү талап кылышууда. Биз мындай талапты кабыл албайбыз, себеп дегенде азыр акциялардын баасы 450 миллион долларды түзөт,- деп маалымдады Данияр Үсөнов.
2004-жылдын аягында Николай Танаевдин өкмөтү “Кумтөр” алтын кенин жаңы түзүлүп жаткан “Центера” компаниясына кошуп, анын акцияларынын үчтөн бирине ээ болгон. Ал акциялрдын 17% сатыкка коюп, 85 миллион доллар пайда көргөн. Эгер ал акциялар сатылбай турса Кыргызстандын алтын кен компаниясындагы акцияларынын баасы 900 миллион долларга чыкмак.
Д.Үсөновдун ырасташынча, экинчи талаш электр энергиясына тариф саясатынан улам чыккан. Эларалык каржы уюмдары электр энергиясынын коммерциялык баасын 2 сом 95 тыйынга чыгаруу талабын коюшкан. Мындай шартта Кыргызстанга инвесторлордун келиши күмөн, деп белгиледи Д.Үсөнов.
Парламенттик угуунун катышуучулары тышкы карыздарды сөзсүз төлөп берүү керектигин, ага чейин карыздарды кимдер алып, кандай пайдаланганын тактап чыгуу зарылдыгын айтышты. Депутат Акматбек Келдибековдун ырасташынча, Бишкек-Ош жолу, “Таза суу” сындуу долбоорлорго алынган карыз акчанын кыйласы натыйжалуу пайдаланылды. Бирок да программа боюнча карыз акча катары берилген каражаттардын кайтарымы аз болду.
- Мына PESAC программасын алалы. Анын негизинде биз 63 миллион долларды мойнубузга илдик. 28 ишканабызды жокко чыгардык.
Кыргызстандын ички дүң продуктунун 80% түзгөн тышкы карыздын жүгү ушу тапта ансыз да экономикалык жагынан тежемел өлкөнү жондон басып, айласын кетирип жатканын “Атажурт” партиясынын жетекчиси Базарбай Темишов көтөрүм болгон музоого салыштырып түшүндүрдү.
- Баарыбыз кыргыздарбыз, мына кыргызча мисал келтирейин, бүгүнкү күндө биздин өлкө арыктап тура албай жаткан торпокко окшош.
Парламенттик угууда непадам Кыргызстан HIPC программасына кирип кала турган болсо коңшу өлкөлөр андан түсүн үйрүп, мамиле-катышын салкындатып, эларалык кадыр-баркы төмөн түшөрүн Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Аликбек Жекшенкулов ырастады.
Жыйын соңунда чыгып сүйлөгөн Экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров мурдагы бийлик тушунда жооптуу кызматта иштеп келген айрым адамдар бүгүн башкача сүйлөп калганына таң калганын жашырган жок.
- Билесиздер, үй-бүлө менен президенттик администрация башкарган. Ошол администрация башчысынын биринчи орунбасары болуп туруп 170 миллион доллар карызды алып жатканда ХИПКти ойлошкон эмес. Эми ошол кишилердин каршы болуп атканы мени таң калтырат.
А.Келдибеков: - Ким, атын айтып койбойсузбу?
- Тактап аласыңар да, 2004-жылы президенттик администpациянын жетекчисинин ким биринчи орунбасары болуп иштегенин...
Өкмөт башчы Азим Исабеков HIPC программасына кирүү-кирбөө маселесин министрлер кабинети алгач өз алдынча талкуулап, андан соң парламентке коюшарын маалым кылды:
- Алгач өкмөт жыйынында угуп, анан кандай чечимге келсек да, колдосок да, колдобосок да, парламенттин талкуусуна койсокпу деген оюбуз бар.