ИРАНДЫН ДИПЛОМАТЫН УУРДАП КАЧКАНДАР КИМДЕР?

4-февралда Багдадда белгисиз бирөөлөр ирандык дипломат Жалал Шарафини уурдап кетишти. Иран муну АКШ аскерлери уюштурган деп айыптап жатат. Тегеран мындай айыптоосун президент Жорж Буштун: "америкалык аскерлер коркунуч жаратып жаткан ирандык агенттердин баарын түп- орду менен жок кылат", деп айтканы менен негиздейт.
Жорж Буштун айтканарын мамдепартаменттин өкүлү Сиин МэкКорман кийинчерээк мындайча чечмеледи:

- Иран Ирактын аймагындагы топтор менен кызматташып жатат, ал эми ал топтор өз иретинде Американын Ирактагы аскерлери үчүн коркунуч жаратууда. Биз бул топторго каршы чара көрөбүз, бул биздин коопсуздугубузду коргоо үчүн зарыл,- деди МэкКормак.

4 - февралда куралчан жоон топ кишилер Багдаддын көчөсүн тосмолоп, Иран элчилигинин экинчи катчысы Жалал Шарафини машинеде отурган жеринен сүйрөп чыгып, өзүлөрүнүн машинесине салып кетишкен. Дипломатты алып качкандар ирак армиясынын 36 - батальонунун формасын кийген адамдар болгон. Полиция менен белгисиз куралчандардын ортосунда ок атышуу болуп, төрт киши полициянын колун түшкөн. Бирок полицияга жеткирилген төртөөнү көп өтпөй башка бир аскерлер келип алып кетишкен.

Кол салгандар кийген формага караганда, алар Ирактын атайын аскерлеринин кишилери болуусу мүмкүн. Бирок ошону менен бирге эле алар аскер кийимин кийген сунни же шии согушкерлери да болушу толук ыктымал. Иран бул иштин артында "ирандык агенттерди жок кылууга" кесенип жаткан АКШ, же болбосо алар менен тыкыз кызматташып жаткан Ирак аскерлери турат, деп айыптады.

АКШнын аскерлери өзүлөрүнө тагылып жаткан айыпты четке какканы менен, дипломат Шарафи америкалык аскерлердин колуна түшүп отурган алгачкы ирандык жаран эмес. Декабрден бери Иракта жүргүзгөн рейддердин натыйжасында америкалык аскерлер жети ирандыкты кармап кетишти. Алардын экөө Ирандын Тандалма Революциялык Гвардиясынын мүчөлөрү деп кабарланууда.

Расмий Тегеран Ирактын ал-Малики баштаган өкмөтүнө жабдуулар жана керек болсо кеңешчилер менен көмөктөшүүнү, инфраструктураны калыбына келтирүүгө кол кабыш кылууну сунуш кылууда. Бирок АКШнын Ирактагы элчиси Залмай Халилзад мындай сунуштары менен Иран өз кызыкчылыгын көздөп жатат деп эсептейт.

Тегеран Ирак өкмөтүндөгү шии байланыштары аркылуу Иракты экиге жиктеп, чабалдатып, анын арты менен региондо үстөмдүк кылыгысы келип жатат деп божомолдойт элчи.

Халилзаддын айтымында, Ирак региондогу мурдатан бери калыптаган үстөмдүгүн сактап калып, Ирандын регионалдык дымактарына тең салмак түзүп туруусу абзел.

Баян Жумакадыр кызы, Прага