КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ: БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮ БОЮНЧА ЧЕЧКИНДҮҮ АРАКЕТТЕРДИ УЛАНТАБЫЗ

Жаңы эле куралып бүткөн Өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасынан «Азаттыкка» алгачкы болуп Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев байланышка чыгып, билим жана илим тармагын өнүктүрүү боюнча өзүнүн программалык-идеялык ой-сунуштары менен бөлүштү.
- Сизди министрлик кызматка дайындалышыңыз менен куттуктайбыз. Былтыркы окуу жылдын ичинде министрлик жогорку окуу жайлардын жер-жерлердеги филиалдарын, тиешелүү адистер жетишпеген факультеттерди жаап, аны менен студенттер контингентин кыскартып, коммерциялык кызыкчылыкты чектөөгө аракет көрдү эле. Бул иш-аракеттер өз кезегинде көп талаш-тартышты, сын-пикирлерди жараткан эле. Быйыл да ушул багытта иштерди улантууну белгилеп жатасыздарбы?

- Рахмат. Абдан маанилүү суроону көтөрүп жатасыз. Бул чынында эле акыркы жылдарда көйгөйлүү маселелерден болуп келген. Жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатына байланыштырсак болот бул суроону. Себеби, акыркы учурларда сандык жагына көп көңүл буруп, натыйжада 230 миңге жакын студенттерди окутуу менен алек болуп келген экенбиз. Анын ичинен айрыкча юриспруденция, медицина жана экономика багытындагы окуп жаткан стунденттерге болгон дооматыбыздын чын экендиги текшерүүлөрдүн жыйыныгында далилденип отурат. Бирок бардыгы эле жылмакай, жакшынакай болуп кеткен жок. Себеби, кээ бир жогорку окуу жайлардын башчылары, жалпы эле окуу жайлардын түзүүчүлөрү өздөрүнүн жекече кызыкчылыктарын алдыга койгон учурлар да байкалып турду.

Ошондуктан, бул маселеге биз абдан олуттуу карашыбыз керек. Биринчи эле укуктук нормативдик документтердин бири-бирине шайкеш келе турган абалын түзүп алуу керек экенин байкадык. Министр болуп жаңыдан ишке киргенден баштап мен биринчи эле ушул маселени койдум. Андан кийин материалдык-техникалык базаларды түзүү жана окутуучулук коллективдин өзүнүн сапатын көтөрүү боюнча бир топ чечкиндүү кадамдарды жасоонун алдында турабыз.

- Быйылкы окуу жыйлында жайкы кабыл алууда кандайдыр өзгөчөлүктөр күтүлөбү?

- Кескин түрдө өзгөчөлүктөрдү жасоонун кереги жок деп ойлойбуз. Сиздер жакшы билесиздер, 2002-жылдан бери бизде жалпы республикалык тестирлөө ыкмасы иштеп жатат. Ал ЮСАИД тарабынан бизге көрсөтүлүп жаткан каржылык жана усулдук жардам аркасында ишке ашырылууда. Натыйжада, алты миңге жакын гранттык орундарга тест сынагы аркылуу студенттерди кабыл алуу улантылмакчы.

Башка маселе, кабыл алууда биз алыскы райондорду, социалдык абалы кыйындарды, тестирлөөнүн көрсөткүчүн эске алып, аны ачык-айкын акыйкат жолу менен өткөрүү боюнча ишти улантышыбыз керек. Жакында буюрса жогорку окуу жайларынын, мектептердин жетекчилеринин жана ЮСАИДдин адамдарынын катышуусу менен республикалык семинар өткөрүүгө даярданып жатабыз. Көйгөй маселелерди, коюлган проблемаларды ошол жерде козгоп, аны чечүүнүн жолдорун тактап алышыбыз керек.

- «21-кылымдын кадрлары” деген белгилүү программа бар эле, түрдүү каржы булактарын таап чет мамлекеттерге окууну каалгандардын ишин координациялачу. Ушул иштерди азыр ким улантып жатат?

- Президенттин астында билим берүү, илим саясаты боюнча атайын катчылык бар. Ошол катчылык жүргүзүп жатат бул ишти. Бул жерде биздин министрлик менен катчылыктын ортосундагы мамилени жогорку деңгээлде, конструктивдүү абалга жеткирүү биздин милдетибиз деп эсептейбиз. Бул эки маанилүү ведомство өздөрүнүн ишин президент койгон талапка ылайык алып бара тургандай деңгээлге жетишибиз керек.

- Маегиңизге чоң ырахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага