ОРУСИЯ: «КАНСЫЗ СОГУШ» КАЙТАЛАНЫШЫ МҮМКҮНБҮ?

Төрөкул Дооров, Москва Жакында Мюнхенде өткөн конференцияда Орусиянын президенти Владимир Путин АКШга каршы кескин сын айткандан бери туш тараптан серепчилер «жаңы кансыз согуш» башталганы тууралуу ойлорду жаадыра башташты. Бирок чынында эле Орусия «кансыз согуштун» кайталанышына кызыкдарбы? «Азаттык» радиосунун регионалдык аналитиги Виктор Ясманндын айтымында, Москва буга кызыкдар деле эмес.
Орус президенти Владимир Путиндин Мюнхендеги өтө тике сөзүнөн бери орусиялык саясий жана аскерий лидерлер эч ийилгис ишенимдүү билдирүүлөр менен чыга башташты.

Алардын арасында эң олутуусу Орусиянын стратегиялык максаттагы ракеталык күчтөрүнүн командачысы Николай Соловцов тарабынан айтылгандай болду. Ал билдиргендей, эгерде Чехия менен Польша өздөрүнүн аймагында ракетага каршы багытталган америкалык комплекстерди жайгаштырууга макул болсо, Москва Вашингтон менен 1987-жылы жетишилген келишимден чыгып, беш-алты жыл ичинде өзүнүн орто аралыктагы ракеталарын Чехияга жана Польшага туштап коюшу мүмкүн.

Аталган келишимге ылайык, СССР менен АКШ орто жана жакын аралыкка жетчү ракеталарын жок кылууга макул болушкан эле жана анын күчү менен көптөгөн ракеталар чын эле иштен чыгарылган. Бирок АКШ ракеталарга каршы өзүнүн комплекстерин европалык эки мамлекетке орнотот экен деген сөздөн кийин Орусия бул келишимден чыга турганын билдирди.

- Эгерде бул келишимден чыгуу боюнча саясий чечим кабыл алынса, анда Орусиянын стратегиялык маанидеги ракеталык күчтөрү бул милдетти аткарууга даяр болушат, - деп билдирген Орусиядагы ошол ракеталык күчтөрдүн командачысы Николай Соловцов.

Кошмо Штаттарында өлкөнүн Коргоо министри Роберт Гейтс буга жооп иретинде Европада жайгаштырыла турган америкалык комплекс Орусияга каршы багытталбай турганын айтып, эмне эле Москва ага мынчалык тынчсыздана баштаганына түшүнбөй жатканын билдирди.

АКШнын президенти Жорж Буш да улуттук коопсуздук боюнча өзүнүн жардамчысы Стефен Хадлейди НАТОнун жана Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөргө жиберди. Москвада Хадлей Орусиянын Коопсуздук кеңешинин башчысы Игорь Иванов менен сүйлөшүп, Вашингтон азыр Кремль менен түзүлгөн проблемаларды талкуулоону каалай турганын айтты.

Анын аралыгында, Европада Чехия менен Польша өздөрүнүн аймагында ракетага каршы иштей турган америкалык комплексти жайгаштырууга макулдугун беришти. Ал эми орусиялык «көгүлтүр отундан» көз-каранды болуп турган Германия Москва менен мамилелерди суутуп албайын дедиби, айтор, анын Коргоо министри: «Бул долбоор Европаны экиге бөлүп коюшу мүмкүн», - деген кооптонуусун айтты.

«Азаттыктын» аналитиги Виктор Ясманндын айтымында, өткөн кылымдын экинчи жарымында дүйнөдөгү күчтөрдүн ортосунда тең салмактуулукту сактоо үчүн түзүлгөн бир топ аскерий келишимдерден Орусия соңку мезгилдерде чыгыш керектиги тууралуу айтып жатат. Анткени Европада, мисалы, ал келишимдерге мүчө болгон мамлекеттердин көбү азыр НАТОнун мүчөлүгүн алышкан.

Бирок, анын оюнда, Орусия чындап келгенде, Батыш менен араздашууну анча деле каалабайт, анткени Москва ага азырынча экономикалык жактан да, аскерий күчү жагынан да даяр эмес.

Анын үстүнө, Батыш менен олуттуу бир конфликтке барыш үчүн Москвада азыр европалык мамлекеттердин ичинде ачык бир душманы да, жакын бир досу да жок. АКШ Ирак жана Ирандан башканы ойлобой турат, ал эми Европа мүмкүн болушунча ишенимдүү отун энергиясына жетишүү менен эле алек. «Демек, азыр Орусия үчүн өзүнүн өнүгүп келаткан экономикасын мактап, көкүрөгүн урганга, анан ушундай риторикалык билдирүүлөрдү жасаганга жакшы мезгил түзүлдү», - дейт Ясманн.

Анткен менен мындай ойго каршы чыккандар да аз эмес. Орусиялык аналитиктердин айтымында, Москва үчүн чыныгы коркунуч америкалык комплекс Европада жайгашкандан кийин башталышы мүмкүн. Анткени ал Орусиянын чек-арасына жакын жерде орун алат. «Бул саясий да, аскерий да коркунучту жаратат», - дейт Дүйнөлүк экономика жана эларалык мамилелер институтунун аналитиги Александр Пикаев.