ДАНИЯ ҮСӨНОВ: МЕН КУЛОВ, САРЫГУЛОВ АКСАКАЛДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШӨМ

Эки-үч күндөн бери экс-премьер-министр Феликс Куловдун учурдагы вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун кызмат ордун сактап калыш үчүн 300 миң доллар пара бергендиги тууралуу айтылган интервьюсу коомчулукта кеңири талкууга алынып келет. Буга байланыштуу кечээ мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов президентке ачык кат жазып, аны чукул чара көрүүгө чакырды. Ал эми Данияр Үсөновдун өзү болсо кечээ «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, азырынча ал интервью менен да, Д.Сарыгуловдун ачык каты менен да тааныш эместигин билдирди.
Дело № гезитинин 28-февралдагы санында экс-премьер-министр Феликс Куловдун көлөмдүү маеги жарыяланып, анда учурдагы биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун кызмат ордун 300 миң долларга сатып алгандыгы айтылат. Куловдун гезитке берген маегине караганда ага бул тууралуу Данияр Үсөнов өзү айтып берип, кийин президент менен жолугушуу учурунда анысын дагы бир жолу тастыктаган. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Саргулов буга байланыштуу президентке ачык кат жолдоп, анда мыйзамга ылайык иш козголушу керектигин, иликтөө иштери бүткүчө Үсөновду убактылуу кызматынан бошотуу керектигин баса белгилейт. Коомчулукта да бул маселе эки күндөн бери кызуу талкууланып келет. Бирок, кечээ күнү Данияр Үсөновдон бул маселе тууралуу сураганыбызда мындай деп жооп кайтарды:

- Мен аларды окуй элекмин. Аларды биринчи окуюн, анан тиги эки кызматтан кеткен аксакалдар менен сүйлөшөйүн. Кулов, Сарыгуловдун ойлору эмне экен. Анан кийин жооп берейин.

Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун ырасташынча, мындай маалымат тарап аткандан кийин бул боюнча атайын көз карандысыз комиссия түзүлүп, өлкө башчысы чукул чараларды көрүүсү зарыл. Ал эми мындай учурда кандай чараларды көрүү керектиги мыйзамда көрсөтүлгөн:

- Кылмыш кодексинде көрсөтүлгөн. Эгерде мыйзам бузуу фактысы гезитке чыкса, ошол факт боюнча иш козголуусу керек. Экинчиден, тергөө ишин башташ керек. Анан ошол кишиге байланыштуу кылмыш иш тергелип аткан учурда ал убактылуу кызматынан четтетилип турушу керек. Бул укуктук, демократиялык ар бир өлкөдө ушундай мыйзам бар. Бул жөн эле иш эмес, он бир жарым миллион сом өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда пара берүү, пара алуу жөнүндө сөз болуп атат.

Бул окуя коомчулукта ар түркүн пикирлерди жаратты. Жогору Кеңештин кезектеги жыйынында да бул маселе көтөрүлө тургандыгы айтылууда. Азырынча өлкө башчысы да бул тууралуу эч нерсе айта элек. Белгилүү саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев, мындай билдирүүнүн аныктыгын далилдөө өтө оор болот деген ойдо:

- Куловдун айтуусу боюнча 300 миң доллар берген экен. Бирок, муну биринчиден өз учурунда айтса болмок. Ушундай болуп атыптыр, мамлекеттик кызматка барыш үчүн бирөө-бирөөнө акча беришет экен дегендей. Аны эми азыр өтүп кеткенден кийин көтөрүп чыгып, параны алган-бергендерин далилдеш абдан оор. Колунан кармап албагандан кийин.