АКШ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ИРИ ӨЗГӨРҮҮ АЛДЫНДА

Нарын АЙЫП, Прага 12-март күнү АКШнын Pew Research деген белгилүү уюму өлкө маалымат каражаттарынын абалы тууралуу кезектеги отчет жарыялады.Изилдөөнү "Журналисттик маалыматтардын сапаттуулугу үчүн" деген уюм жүргүзгөн.
Журналистика менен маалымат каражаттары АКШда - ири бизнес, ошондуктан алардын иши акча жана реклама менен тыкыз байланышкан. Акыркы жылдарда болсо дүйнөдө интернет кеңири тарап, башка орчундуу окуялар болуп жаткандыктан, маалымат каражаттарындагы рекламанын мурдагы мааниси өзгөрүүдө, деп айтылат 12-мартта чыккан изилдөөнүн жыйынтыктарында. "Журналисттик маалыматтардын сапаттуулугу үчүн" деген уюм мындай изилдөөнү төртүнчү жыл чыгарууда. Анын айтымында, Американын маалымат каражаттары азыр ири өзгөрү алдында турат жана далил катары - дээрлик бардык тармактарда окуучулар, угуучулар жана көрүүчүлөрдүн саны азайып баратканы келтирилет.

Негизги маалымат каражаттары азыр жалпысынан бирдей эле темаларды чагылдырат жана алардын санынын өсүшү атаандаштыктын абалында сапаттын жогорулашына алып келбей турган абал түзүлдү. Андан тышкары, Америкада мурда маалымат каражаттары негизинен ар башка карама-каршы пикирлерди келтирип аракеттенсе, изилдөөчүлөрдүн айтымында, акыркы мезгилде элге бардыгы түшүндүрүлүп, маселелер чечилип, корутунду чыгарылган мааламат керек боло баштады.

Интернет жана интернетте түзүлгөн жеке адамдардын сайттары - блогдор - кеңири тарагандыктан, эл дагы, бийлик дагы эң жаңы кабарларды же башка керектүү маалыматтарды гезит-журналдардан же үналгы-сыналгыдан эмес, башка булактардан, мисал үчүн блогдордон ала баштады. Өз саясатын жүргүзүп, пикирин элге жеткирүү үчүн дагы бийлик же башка уюмдар мурдагы тартипте иштеген маалымат каражаттарын эмес, интернет жана блогдорду кеңири колдонууда.

Мындай абалда гезиттер, журналдар, кадимки сыналгы, кабел сыналгысы, жергиликтүү сыналгы, радио, интернет, улуттук азчылыктардын каражаттары жана салттуу эмес маалымат каражаттарынын ичинен улуттук азчылыктар үчүн чыккан маалымат каражаттарынын гана саны өсүүдө.

Натыйжада гезит-журналдар маалымат тараткан негизги каражат болбой калуу коркунучуна такалды жана эл талап кылган маалыматты таап, аны таратууда негизги мааниге жакын арада журналисттер ээ болбой калышы мүмкүн. Эң кызыктуу жана маанилүү кабарлар менен маалымат журналисттерден эмес, башка булактардан алына баштады жана өз буюмдарын рекламалоо үчүн ири компаниялар менен фирмаларга журналисттер жакында кереги жок болуп калышы толук ыктымал.

Маалыматтын тарашы үчүн андай фирмалар мурда маалымат каражаттарына акча төлөсө, өзгөрүп бараткан абалда калкты интернетке чыгарган уюмдарга көбүрөөк акча төлөнүшү мүмкүн жана ири бизнеске негизделген америкалык маалымат каражаттары орчундуу өзгөрүү алдында. Блог жазгандар болсо өз чыгармачылыгын акыркы мезгилде бизнеске айлантууга киришти, алардын өздөрүнүн атайын уюмдары пайда боло баштады

Отчеттун авторлору жасаган негизги жыйынтык - Американын маалымат каражаттары ири өзгөрүү алдында турат жана аны - сыналгы же телеграфтын пайда болушу, же басма сөздүн өзүнүн пайда болгонунан чыккан өзгөрүүлөр менен салыштырса болот. АКШ маалымат каражаттарындагы ар башка пикирлерди кагылыштыруу маданияты болсо акырындап маселелерге жооп берүү маданияты менен алмаштырыла баштайт.