Президент Курманбек Бакиев март революциясынын эки жылдыгына карата мамлекеттик телеканал аркылуу Кыргызстандын калкына кайрылуу сөз менен чыгып сүйлөдү. Ал 24-мартты "өлкөнүн өнүгүшүн революциялык жол менен өзгөрткөн тарыхый күн" деп атап, кыргызстандыктарды ушул майрамы менен куттуктады. Президент ошондой эле кезектеги конституциялык реформага барууга макул экенин белгилеп, жакынкы күндөрү Конституциянын макулдашкан долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүп, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу, керек болсо бул маселени референдумга коюуга даяр экенин билдирди. Президент конституциялык талаш-тартыштарды кысым көрсөтүү жол менен эмес башкача, өлкөнүн кооспуздугуна коркунуч келтирбеген жол менен ишке ашырууга, бардык саясий күчтөрдү диалог өткөрүүгө чакырды. «Эң ириде конституция боюнча кагылышууну токтотуу зарыл. Мында биз өткөн жылдагыдай саясий ультиматум жана кысым көрсөтүү аркылуу эмес, мыйзамдуу тартипте аракеттенүүгө тийишпиз",- деп баса белгиледи Курманбек Бакиев. Президент баш мыйзамды Конституциялык Соттун корутундусунан кийин гана кабыл алуу керектигин да айтты. (KCh)
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын 2-жылдыгына байланыштуу
ТЕЛЕКАЙРЫЛУУСУ
"Урматтуу мекендештер!
Эртең бизде чоң окуя – 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын экинчи жылдыгы болгон жатат. Ушул тарыхый күн өлкөнүн өнүгүшүн революциялык жол менен өзгөрттү. Мен, бүткүл кыргызстандыктарды ушул майрам менен куттуктагым келет.
Эң оболу, мен, өлкөбүздү демократиянын идеалдарынын орношу, биздин эркиндигибиз үчүн күрөшүп келгендерге ыраазычылык билдирип кетким келет. Бүгүн биз ушул күнгө өмүрүн арнагандарды эскерип, аларга таазим кылабыз. Мен адилетсиздикке каршы көтөрүлгөң жалалабаттыктар менен таластыктарды, нарындыктар менен ысыккөлдүктөрдү, баткендиктер менен чүйлүктөрдү, бишкектиктер менен оштуктарды, өлкөнүн бардык региондорунун тургундарын куттуктап жана ыраазылык билдиргим келет. Ошол эсте калган күнү колонналарда катарлаш басып, бузукулардын соккусунун мизин майтарып жана чириген бийликти кууп чыккан он миңдеген адамдарга таазим этем.
Элибиз 24-марттагы окуялар кандай мааниге ээ экенин эң жакшы түшүнөт. 2005-жылдагы элдик революция – бул тарыхый мааниси бар окуя, ал күндөр улам арылаган сайын биз анын маанисин кыйла таасын түшүнүп жатабыз.
Элдик кыймылдын башчыларынын ысымдары тарыхта калат деп айткым келет. Алар кызмат орду, жогорку бийлик үчүн эмес, демократия жана эркиндик үчүн бардыгын тобокелге салып күрөшкө чыгышкан.
Болгону арадан эки жыл өттү. Бирок өлкөбүздө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Эркиндик, демократия көбүрөөк болуп калгандыгын эч ким тана албайт. Коом коркуп-үркүүдөн, кайдыгерликтен арылды. Конституциялык түзүлүштү реформалоо процесси бир кылка болбой, талашып-тартышуу жана кагылышуулар менен, катачылыктар жана чегинүүлөр менен жүрүп жатса да, кыйла жигердүү кадам шилтөөдө.
Кыргызстан көз карандысыздыктын алгачкы он беш жыл ичинде негизинен тышкы жардамдан үмүт кылып жана көп жагынан анын эсебинен жашап келди. Албетте, бул алгачкы оор мезгилде жардам болду жана биз ал үчүн чет өлкөлүк досторубузга ыраазыбыз. Бирок алар кыйла көп маселелерди да жаратты. Буга эң оболу, көлөмдүү тышкы карызыбыз кирет.
Бүгүн биз саясий жана экономикалык өз алдынча жолду тандап алып, өз ресурстарыбызды пайдаланууга негизделген өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып, аны жүзөгө ашырууга кириштик. Сиздер сыяктуу эле, мен да өз жашообузду татыктуу колубуздан келээрине ишенем.
Биз социалдык саясатты кирешеси аз жана бюджеттеги адамдарды көбүрөөк колдоо жагына өзгөрттүк. Чиновниктерге корогон чыгымдарды мүмкүн болгон бардык жерлерде кыскартып жатабыз. Бардык үнөмдөлгөн каражаттарды биринчи кезекте социалдык колдоого жумшап жатабыз. Албетте, бул азырынча аз, бирок биз калкыбызга социалдык колдоону күчөтө беребиз. Экономикабыз өскөн сайын колдоо мындан да барандуу болот.
Аз убакытта тездик менен өнүгүүгө, калктын турмушун тез жакшыртууга жетишүү оңой эмес.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн башкаруучу орган катары Өкмөттүн ролун күчөтүп, анын бийликтин башка бутактары менен байланышын жакшыртуу зарыл.
Ошондой эле бардык деңгээлде кадрларды олуттуу чыңдоого тийишпиз. Туура эмес кадр саясатынан улам көптөгөн чебер адистер ишсиз калып, өлкөдөн кетип калышты, айрымдары бизнес менен алек болуп жүрүшөт. Жаш, жогорку билимдүү кызматкерлер кызматтык баскыч боюнча көтөрүлбөй, керектүү тажрыйбаларды ала алган эмес. Бүгүнкү күндө биз кадрлардын өтө тартыштыгын сезип жатабыз, алардын ордун толтуруу өтө кыйынга турууда.
Алгачкы күндөн баштап эле биз коррупцияга каршы олуттуу системалык күрөш баштадык. Быйылкы жылы эле өздөрүнүн кирешелери жөнүндө салык органдарына отчет берген чиновниктердин саны кескин өстү.
Бирок коррупция маселесин дароо чечүү өтө кыйын. Жогорку Кеңеш менчиктештирүү, капиталды легалдаштыруу программалары боюнча мыйзамдык чечимдерди тездетет деген үмүттөмүн. Бул кээ бир чөйрөлөрдө, биринчи кезекте, энергетикада уурулукту жана коррупцияны кескин кыскартууга, экономиканы оңоого өбөлгө болот.
Бирок кыйынчылыктарга карабастан, биз жалпы күч-аракетибиз менен кырдаалды оңоп, коррупцияны жеңээрибизге ишенем.
Мындан башка дагы көп маселе бар. Аларды сиздер мага, жер-жерлердеги администрация башчыларына айтып жатасыздар. Биз колдон келишинче аларды чечкенге аракеттенебиз.
Бүгүнкү күндө Президент, өлкөнүн бардык бийлик органдары каалаган маселени талкуулоого макул. Өткөн жылдагы оор саясий күрөш бийлик эл менен, саясий күчтөр, анын ичинде өтө оппозициячыл күчтөр менен тил табыша биле тургандыгын көрсөттү. Бийлик элдин кызыкчылыгына туура келген бардык кадамга даяр.
Биз саясий диалогду ультиматумдардын жана митингдик кысым көрсөтүүнүн жолу менен гана эмес, башкача жүргүзүүгө боло тургандыгына көзүбүз жетти. Дал ушул аркылуу демократиянын жана саясатчылардын, саясий кыймылдардын жетилгендиги көрүнөт. Бүгүнкү күндө саясий диалогду өлкөдөгү туруктуулукка коркунуч келтирүүчү нукка эмес, кыйла тынч нукка буруу үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстан дайыма демократиянын үлгүсүн берген өлкө катары бүгүнкү күндө да цивилизациялуу саясатты жүргүзө билгендигин көрсөтүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу жарандык карама-каршы турууга кайтып келүү өлкөнү кыйратууга алып келет деп эсептейм. Ошондуктан мен бардык саясий күчтөргө диалогго чакыруу менен кайрылам. Эгерде бири-бирибизге маалымат согушун жарыялабасак кандай гана маселе болбосун чечүүгө болот деп ишенем.
Урматтуу мекендештер!
Азыр болсо биз жакынкы учурда ниеттенип жаткан жана баштаган иштерибиз жөнүндө айта кетейин.
Эң ириде конституция боюнча кагылышууну токтотуу зарыл. Мында биз өткөн жылдагыдай саясий ультиматум жана кысым көрсөтүү аркылуу эмес, мыйзамдуу тартипте аракеттенүүгө тийишпиз.
Ооба, бардыгыбыз бирге: оппозиция да, Жогорку Кеңеш да ноябрда жана декабрда эмоцияга жетеленди. Эми кетирген каталарды оңдоо керек.
Мен конституциялык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту тез арада түзүүгө жана Конституциянын макулдашкан, такталган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна, керек болсо, андан кийин референдумга коюуга даярмын. Топту түзүү жана ишинин башталышы жөнүндө жарлыкка анын курамы боюнча саясый топтордон сунуштарды алган күнү эле кол коюлат.
Көп нерсе бул топтун ишине жараша болот. Ал канчалык тез сунуштарды жана корутундуларды киргизсе, долбоор бекитүү үчүн ошончолук тез Жогорку Кеңешке берилет. Бул ишти такыр создуктурууга болбойт деп эсептейм. Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иштин так графигин биз жакынкы күндөрдө бардык саясый күчтөр менен макулдашабыз.
Өзгөртүүлөрдү мыйзамга ылайык кылдат тактап, Конституциялык соттун корутундусунан кийин гана кабыл алууга тийишпиз.
Бүгүнкү күндө революциялык окуялардын экинчи жылдыгынын алдында мен бардык саясий күчтөргө, бардык жарандарга: саясый дымактын артынан гана ээрчибестен, эң ириде, өлкө, анын биримдиги жана бакубатуулугу жөнүндө ойлонуу, мамлекеттүүлүгүбүздү, улуттук ынтымагыбызды чыңдоо үчүн зарыл болгондордун бардыгын жасоо чакырыгы менен кайрылгым келет.
Менин кайрылуумду бардык саясий күчтөр угабы, же укпайбы, ага карабастан, оппозиция кандай жолду тандабасын биз өлкөдө тартипти камсыз кылабыз жана эч кандай мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербейбиз деп жарандарыбызды ишендирип кетким келет. Биз оппозициялык бирикмелердин жетекчилери сыяктуу жооптуу адамдардан эч кандай мыйзамсыз аракеттерди күткөн да жокпуз. Анын үстүнө алардын бардыгы мыйзамды аттабайбыз деп эл алдында сөз беришкен. Бул кишилерге ишенбегенге менде эч кандай негиз жок.
Ушул жылдын августунда өлкөбүз Шаңхай кызматташтык уюмунун саммитин кабыл алат. Бул жооптуу жолугушуу жана биз аны жогорку деңгээлде өткөрөбүз. Бүгүнкү күндө саммитке даярдык көрүүнүн бардык маселелери ийгиликтүү чечилип жатат. Аны өткөрүү үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок жана болушу да мүмкүн эмес.
Өлкөнүн аброю кымбат болгон бардык кыргызстандыктар аны татыктуу өткөрүү үчүн колунан келгенин аябаш керек деп эсептейм.
Биз Ноорузду – ынтымак жана ырашкерлик күнүн жаңы эле майрамдадык. Ал өлкөгө биримдиктин жана жаратмандыктын демин берди. Бүгүнкү күндө бул эң маанилүү. Өзүнүн биримдигинин аркасында гана көптөгөн кылымдарды карытып келген элибиздин даанышмандыгы, бул жолу да калыбынан жазбайт деп ишенем.
Элдик революциянын эки жылдыгынын алдында бардык кыргызстандыктарды, бардык досторубузду ушул майрам менен куттуктап, бардыгына ийгилик, чың ден соолук жана бакубат турмуш каалагым келет.
Биздин Кыргызстаныбызда туруктуулук жана береке боло берсин!"