24-МАРТТЫ КИМ КАНДАЙ ӨТКӨРДҮ?

24-март күнү ыңкылаптын эки жылдыгына карата Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында салтанаттуу жыйын болуп өтүп, анда өлкө башчы Курманбек Бакиев сөз сүйлөдү. Жыйында президент өлкөдө төңкөрүштүн болуп кетүүсүнө жол бербесин, эл арасында бийликке болгон ишеним көбөйгөнүн баса белгиледи. Жыйын ошондой эле кыргыз эстрада жылдыздары катышкан концерт менен уланды. Ал эми борбордук Алатоо аянтында шаардык мэрия майрамдык иш-чараларды уюштуруп, шаар тургундарына жана конокторуна оюн-зоок тартууланды. Ош шаарында ыңкылаптын эки жылдыгы учурунда борбордук аянтка келаткан эл менен милициянын ортосунда пикир келишпестиктер болуп өткөнү, Жалалабадда бул күн суз белгиленгени да маалымдалган эле. (IJz)