ИРАН МАГАТЭ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН ЧЕКТЕЙТ

Ишембиде Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши уранды байытуу иштерин токтотуудан баш тартканы үчүн Иранга каршы санкцияларды күчөткөн резолюцияны бир добуштан жактырган. Ага жооп катары Иран резолюцияны колдоп добуш берген өлкөлөр менен алакаларды кайра карап чыгып, МАГАТЭ менен байланыштарын чектей турганын жарыялады. Тегеран БУУнун чечимин негизсиз жана маанисиз документ деп атады.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыяланаар замат АКШнын Улуттар уюмундагы элчисинин милдетин аткарып жаткан Алехандро Вулф Тегерандын Коопсуздук кеңешинин талаптарын тааныбаган тежиктиги жаңы санкцияларга алып келгенин белгиледи:

- Кошмо Штаттар Коопсуздук кеңеши эл аралык бейпилдик менен коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирип жаткан Иранга каршы дагы бир жолу бир добуштан чара көрүп жатканын кубаттайт.

Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоору адегенде туруктуу мүчө беш өлкө - Британия, Кытай, Франция, АКШ, Орусия жана Германия тарабынан жактырылган, кийин ага Түштүк Африка, Индонезия, Катар өңдүү өлкөлөрдүн каршылыгы эске алынып, бир аз өзгөртүүлөр киргизилип бекитилди. Кабыл алынган резолюция боюнча, Коопсуздук кеңеши Ирандан курал-жарактын бардык түрлөрүн экспорттоого тыюу салып, бардык мамлекеттерди Тегеранга көрсөтүлчү финансылык жардам менен насыяны чектөөгө үндөйт. Ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы менен баллистикалык ракеталарын даярдоого катышы бар 28 ырасмий өкүл менен уюмдардын банктардагы эсептери тоңдурулат. Резолюция андан сырткары Иранга Улуттар уюмунун талаптарын аткарууга 60 күн берип, антпесе Тегеранга каршы башка да катаал чаралар көрүлөөрүн эскертет. Документте айтылгандай, келечекте аскердик күч колдонуу эмес, экономикалык санкциялар каралышы ыктымал. Бардык өлкөлөр өз ыктыяры менен тизмеде көрсөтүлгөн Ирандын ырасмий жетекчилеринин чет өлкөлөргө саякатташына бөгөт коюусу талап этилет.

Ирандын өкмөтү аталган резолюцияны четке кагып, атомдук программасын токтотпой турганын кайталап, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде бул чечимди колдоп добуш берген өлкөлөр менен мамилелерди кайра карап чыгаарын эскертти. Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышкан Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки документке төмөнкүдөй баа берди:

- Соңку 12 ай ичинде Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө бир нече өлкө ушуну менен 4-ирет Иран Ислам Республикасынын тынч максаттагы, эл аралык коопсуздукка эч кандай коркунуч келтирбеген атомдук программасына каршы мыйзамсыз, эч бир пайдасыз жана маанисиз аракет көрүп отурат.

Алгач Коопсуздук кеңешинин отурумуна Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад өзү катышаарын айтып, кийин анын президенттик учагын башкарган экипаж мүчөлөрүнө АКШ визаны создуктуруп берди деп ачууланып барбай калган. Вашингтон Ирандын президенти окуяны ыңгайлуу шылтоо катары пайдаланганын айтат.