Президент Курманбек Бакиев Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясын коомдук башкарууга өткөрүү жөнүндө мыйзамга койгон каршылыктарын кайра чакырып алды. Бул жөнүндө бүгүн парламенттин жыйынында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Каныбек Жороев билдирди. Мамлекет башчы аталган мыйзамды кол коюуга жиберүү сунушу менен депутаттарга кайрылды. МТРКны коомдук башкарууга өткөрүү оппозициянын эки канаты тең коюп жаткан негизги талаптардын бири болуп саналат. «Реформа» кыймылы өткөн жылы ноябрда көп күндөп каршылык акциясын өткөрүп, конституциялык реформа менен катар эле мамлекеттик телерадиокомпаниянын базасында коомдук телевидение түзүү жөнүндө талап койгон болчу. Бирок президент таптакыр каршы болуп, бул талапка кулак салбай келген. Президент эми жарым жылга жетпей бул маселеге кайрылып келип, оппозициянын коюп жаткан талаптарын четинен аткара баштады. Март ыңкылабынын эки жылдыгына карата элге кайрылуу сөзүндө Курманбек Бакиев талаш-тартыш туудурган бардык маселелерди консенсус жолу менен талкулап чечүүгө даяр экендигин билдирип, саясий күчтөрдү текши кеңеш курууга чакырган. (KCh)