Бийлик менен оппозициянын ортосунда консенсус табууга али жол бар. Бул жөнүндө «Азаттыкка» «Реформа» кыймылынын мүчөсү, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, жаатташкан тараптарды кепке, эпке алып келе турган бирден бир туура жол - парламенттик башкарууга өтүү. Парламенттик башкарууга негизделген Конституция долбоорун депутат К. Байболов башында турган жумушчу топ иштеп чыккан. Бул долбоорду оппозиция президентке берип жиберип, ага жооп күтүп отурат. «Эгер 5-апрелге чейин Жогорку Кеңешке конституциялык сунуш болсо, биз аны колдоп берүүгө даярбыз. Консенсус ушул. Эгер андай болбой турган болсо, анда биздин «Реформа» кыймылы Бириккен фронт сыяктуу чукул президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө кескин талаптар менен чыгышы мүмкүн»,- деп баса белгиледи Каныбек Иманалиев. (KCh)
- Реформачылардан бөлүнүп чыккан “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылын албаганда негизги оппозициялык күчтөр жаңы премьердин өкмөтүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн четке кагышты. Ушундай жагдайда А. Атамбаев куруп жаткан кабинетти чыныгы коалициялык деп атаса болобу?
- Жок, эч кандай буга саясий да, моралдык да, укуктук да негиз жок. Биз былтыртан бери “Реформа” кыймылы эч убакта оппозициянын лидерин же “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөсүн премьер-министр кыл деп сураган эмеспиз. Биздин максат андан масштабдуу, системаны өзгөртүү керек деп келатабыз. Мына ноябрда, декабрда, эми апрелде Конституция өзгөргөнү турат. Анын башкы себепкери ким? Декабрда, Конституцияны өзгөртпөй койсо болот беле? Болот болчу. Куловду кетирген ким? Анын баарын билип турасыздар. Мамлекет ушул кырдаалга келип калгандыгынан оппозиция идея үчүн күрөшүп атат. Ал эми бийлик болсо улам бир кишини алмаштырып атат. Атамбаевдин премьер-министрликке келиши бул жөн гана саясий алаксытуу. Биринчиден, коалициялык өкмөт деген түшүнүк жок биздин укуктук базабызда. Эгерде өзгөртүүгө бара турган болсок, өткөөл мезгил жөнүндөгү жоболорунда коалициялык өкмөт жөнүндө жазылмак. Бул сөзсүз боло турган нерсе болчу. Бирок, биринчи максат коалициялык реформаны кылып бергиле дегенбиз. Ал болгон жок.
- Сиздердин кыймылдын кээ бир мүчөлөрү бийлик менен оппозиция 5-апрелге сүйлөшүүлөр столуна отурушу керек деп ырастап келатышат. Эгерде президент ошондой талапка көнсө, реформачылар тарабынан кандай шарттар коюлат?
- Биринчиден, эки жылдан бери конституциялык реформа деген сөз болуп атат. Кайсы жолду Кыргызстан тандап алат. Президенттик-парламенттик башкаруу - конфликттүү жол болуп саналат, президент менен парламент ар дайым бийлик талашып отура берет. Бирден бир гана талап - парламенттик жол. Байболов башында турган биздин депутаттык топ иштеп чыккан вариантты биз президентке берип жибердик. Анын мамилесин күтүп атабыз. Эгерде ошону колдойбуз десе, биз сүйлөшүп, ийне-жибине чейин жеткирип, 5-апрелге чейин Жогорку Кеңешке сунуш кылса, биз аны колдоп берүүгө даярбыз. Эгер андай болбой турган болсо, анда биздин “Реформа” кыймылы Бириккен фронт сыяктуу эң кескин - кезексиз шайлоого баруу керек деген талап менен чыгышы мүмкүн.
- Бирок 5-апрелге аз эле күн калды. Ушул кыска мөөнөттө Конституцияны сунуш этип, кабыл алуу мүмкүнбү?
- Бул долбоор даяр, президент ага позициясын гана аныкташ керек. Биз муну кечээ айткан жокпуз, айтканыбызга бир айча убакыт болуп калды.
- Бүгүнкү жаңы дайындоолор жөнүндө сөз кылсак. Айрым саясатчылар азырынча жөнөкөй орун алмаштыруу болду деп келатышат. Алсак өкмөттүн аппаратын жетектөөгө Медет Садыркулов келди. Ал президент Акаевдин тушунда президенттик администрациясынын жетекчиси болчу, андан кийин орунбасары болду Бакиевдин тушунда. Саламаттык сактоо министрлигине борбор шайлоокомдун экстөрагасы Туйгуналы Абдыраимов келди. Өкмөткө жаш жаңы саясатчылар качан келет деп ойлойсуз?
- Биз ошон үчүн күрөшүп жүрбөйбүзбү. Карап көрсөңүз, бүгүнкү министрлер конституциялык реформа болсо 10 күндөн кийин кайра баары кетиши керек. Кетээрин билип туруп эмнеге барышты билбейм. Биринчи - системаны өзгөртүш керек. Ошондон кийин гана бийликке реформачыл, рыноктук жаңы муун келиш керек. Чет жерде окуп келген, рынок эмне экенин түшүнгөн, мурунку бийликте өзүнүн репутациясын булгабаган муун келиш керек. Андай болбой атпайбы. Ошон үчүн жаңы өкмөттүн түптөлүшү эч кырдаалды өзгөртпөйт. Ошон үчүн биз премьер- министрди кетирип, Атамбаевди премьер кыл, оппозициянын мүчөлөрүн министр кыл деп талап кылган эмеспиз. Бизде системаны өзгөртүү жөнүндө сөз болуп атат. Ушул максат үчүн биз дагы талаптарды кое беребиз.
- Сиз кандай деп ойлойсуз, Атамбаев эмне үчүн ушундай кадамга барды?
- Мындай кадамга барышы мурда эле күтүлгөн. Мурун эле “Реформа” кыймылынын макулдугу жок эле сүйлөшүүлөрдү кылып жүргөн. Ошону биз сезип, мындан эки жума мурун “Реформа үчүн” кыймылы ишеним көрсөтпөй койгондуктан, ал лидерликтен кеткен. Ал премьер-министр болуп жатканда “Реформа үчүн” кыймылынын лидери эмес эле.
-
Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага