Акыркы учурда Кыргызстандагы айрым саясый күчтөр Орусиядан колдоо таап жатат деген сөздөр кээ бир массалык маалымат каражаттарында айтылып келатат. Мындай маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо, Орусия менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыктын айрым проблемалары өкмөт башчы Алмаз Атамбаев жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власовдун кечээки жолугушуусу учурунда козголду.
Жолугушууда элчи мырза Алмаз Атамбаевге премьер –министр болуп дайындалышына байланыштуу Россиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадковдун атынан куттуктоо катын тапшырды. Премьер-министр Алмаз Атамбаев бул куттуктоо Орусия Кыргызстандагы бийликти колдоп аткандыгын көрсөтүп турат деп билдирди:
“Орусиянын премьер-министринин куттуктоо телеграммасы Орусия Кыргызстандын туруктуу жана бирдиктүү болушуна кызыкдар экенинин дагы бир жолу ырастап турат деп ойлойм. Бул куттуктоо Россиянын өкмөтү Кыргызстандын бийлигин, мыйзамдуу шайланган президентти жана премьер-министрди колдоп аткандыгын көрсөтүп турат. Мындан кийин ар кандай ушак сөздөр токтойт деп ойлойм”.
Акыркы мезгилде айрым саясий күчтөрдү Орусия колдоп жатат деген маалымат тараган. Бул маселе элчи менен жолугушуу учурунда талкууланарын Алмаз Атамбаев кечээ парламент сессиясында билдирген болчу:
“Мына ушундай курч абалда Орусия бизге колдоо көрсөтүп атат деп кээ бир саясый күчтөр айтып жатышпайбы. Мына ушуга байланыштуу мен Орусиянын Кыргызстандагы элчисин жолугушууга чакырдым”.
Бул жолугушуунун экинчи бөлүгү журналисттерсиз өткөндүгүнө байланыштуу элчи мырза менен премьер-министр кызматташуудан тышкары, кандай маселелерди талкууга алганы белгисиз калды. Валентин Власов жолугушууда эки мамлекет ортосунда кызматташтык боюнча гана маселелер талкууланганын жолугушуудан кийин “Азаттыка” берген интервьюсунда билдирди.
Тажикстандык саясат таануучу Парвиз Муллажановдун айтымында, Кыргызстанда окуянын өнүгүшү Кытай менен Россиянын жетекчилеринин позициясына байланыштуу болот. Саясатчынын көз карашында, Феликс Куловду Орусия, ал эми президент Курманбек Бакиевди Кытай колдоп жатат. Орусиянын жетекчилиги бийлик менен оппозициянын тирешүүсүнун жыйынтыгында ким күчтүү болуп чыкса, ошол адам менен сүйлөшөбүз деп күтүп аткан кези.
Ал эми Кыргызстандагы саясый кырдаал Орусия менен кызматташууга кандай таасирин тийгизип жатат деген суроого Валентин Власов: “Мамлекет жетекчилери алмаша берет, ал эми мамлекет менен эл кала берет да. Мен элчи катары башка мамлекеттин ички иштерине кийлигише албайм, ошондуктан бул жакшы же тигил жаман деп айта албайм. Бирок менин оюмча бийлик да, оппозиция өкүлдөрү да, 11-апрелде боло турган митингге чейин жолугушуп, сүйлөшүшү керек”, - деп жооп берди.
Мындай пикирин «Азаттыка» Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов саясий кырдаалга байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди.
Буга чейин Тышкы иштер министрлигин жетектеп келген, учурда “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын координатору Роза Отунбаева Россия Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип, айрым саясый күчтөрдү колдойт деген сөздөргө терс көз карашта:
“Менин оюмча, Россия Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпейт. Эгерде алар айрым саясый күчтөргө колдоо көрсөтсө, бул - Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары санааларын Орусия билип турат. Ал эми мамлекетте ушундай козуган абал болуп турган кезде, Феликс Кулов улам-улам эле, жеке иштерим менен Москвага барып келдим дегени, албетте коомчулукта ушундай шектерди туудурат”.
Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтык жана достук боюнча алгачкы келишимге 1992-жылы кол коюлган.