АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАГАНДАРГА АЛТЫ КҮН БОЛДУ

Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында ачкачылык жарыялап отургандарга алты күн болду. Тамак-аштан баш тартып, тогуз боз үйгө жайгашкан “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун тарапкерлеринин отуз бири, ачкачылык акциясын токтотушту. Буга айрымдарынын ден-соолугу жол бербегендиги, бир тобунун эртеңки митингиге активдүү катыша тургандыгы себепчи болгон. Учурда акциянын уюштуруучуларынын ырасташынча, жетимиш чамалаш адам акцияны улантууда. Бүгүн эртең менен акциянын катышуучуларынын абалын билүү үчүн Феликс Кулов келсе, түштөн кийин бир катар депутаттар боз үйлөргө баш багышты.
Ачкачылык акциясынын катышуучуларынын катарынан бүгүн отуз бир адам чыкты. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, буга 11-апрлелде борбордук аянтта өтүүчү митинг себепчи болду. Анткени акциядан чыккан адамдар митинг учурунда сөз сүйлөп, башка иш-чараларга да катышышмакчы. Ал эми алты күн бою ачка отургандардын абалын билүү үчүн келген “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун лидери Феликс Куловго, акциянын айрым катышуучулары арыз-армандарын айтууга үлгүрүштү.

Ал эми түштөн кийин акциянын катышуучуларынын абалын сурап, С.Урманаев, Т.Сариев, К.Иманалиев, К.Карабеков өңдүү айрым депутаттар бозүйлөргө баш багышты. Депутат К.Иманалиев ачкачылык акциясына катышып аткандарды толук колдой тургандыгын, алар менен сыймыктанса боло тургандыгын билдирди:

- Кыргыздын ушундай азаматтары, эркиндикке умтулган уул-кыздары бар экендигине сыймыктанам. Алар аягына чейин турабыз деп атышат.

Акциянын демилгечилеринин бири Бекназар Оруновдун ырасташынча, учурда ачкачылыкты улантып жаткан 71 адам, канча чыдаса ошончо турууга кайыл болуп, ден-соолуктарынын бузулуп жатканына деле көңүл бурбай калышты. Алар үчүн башкы максат – мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүүгө жетишүү:

- Учурдагы позициябыз мурдагыдан эч өзгөргөн жок. “Бакиев кетсин!” деген талапты койгон боюнча эле турабыз. Турганыбыз турган. Бүгүн 31 кишибиз эртеңки майданга катышыш үчүн ачкачылыктан чыгышты. Калган 71 адам мурдагыдай эле ачкачылыкты улантып атабыз.

Буга чейин айтылгандай борбордук аянтка тигилмекчи болгон 70 боз үй, бүгүн тигилген жок. Мунун себебин “Келечеги кең К үчүн” бириккен фронтунун лидерлеринин бири Мукар Чолпонбаев мындайча түшүндүрдү:

- Биздин боз үйлөрүбүз, палаткаларыбыздын бардыгы тиккенге даяр турат. Булар болсо аянтка киргизбей жатышат. “Силердин митингиңер он биринде болору билдирилген, эртең келгиле” дешти. Митинг эртең саат 14:00дө башталат. Эгер бүгүн тиктирбесе, эртең тигебиз.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдары биркмесинин төрайымы Токтайым Үмөталиева, акциянын көп талаптары туура экендигин, бирок, мындай кысым менен бат-баттан баш мыйзамга өзгөртүү кире беришин каалабай тургандыгын билдирди:

- Анан ушинтип эле баш мыйзамды кабыл ала берүүгө мен каршымын. Үч жолу баса калып кол коюп көрдүңөр. Эмне болгонун көрүп атабыз.

Эми бул ачкачылык акциясынын уландысы эртеңки борбордук аянтта өтө турчу митинг менен кошо өтмөкчү. Президент К.Бакиев болсо бүгүнкү билдирүүсүндө стабилдүүлүктү сактоо үчүн бардык кадамдарга барганын, бирок, радикал оппозиция сүйлөшүүгө отурбаганын билдирди.