БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ КОНСТИТУЦИЯ БОЮНЧА ТИЛ ТАБЫШУУГА ЖАКЫНБЫ?

Конституциялык реформа боюнча бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрү жүрүүдө. Анын жыйынтыгында тараптардын бирдиктүү долбоорго келиш ыктымалдыгы айтылууда. Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун судьяларын шайлоону шейшемби күнгө белгиледи.
Жогорку Кеңеш президент тарабынан 10-апрелде сунушталган «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароого киришүү үчүн Конституциялык сот ал долбоорго өзүнүн корутундусун берүүгө тийиш. Бирок тогуз судьядан турган Конституциялык соттун алтоосу гана иштеп, калган үчөөсү дайындала электиктен кворум маселеси чыгып, сот иштөөгө жөндөмсүз болуп турат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш 17-апрелде Конституциялык соттун судьяларын шайлоону чечти. Бул сунуш депутаттар тарабынан колдоого алынды.

Андан кийин депутат Темир Сариев Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча жумушчу топтун башчысы, премьер-министр Алмаз Атамбаев менен болгон жолугушуулар тууралуу маалымат берди:

-Атамбаев менен жолугушуп, биз берген сунуштар боюнча сүйлөштүк. Ал киши президентке барып келем деп, барып келгенден кийин кечки саат тогуз жарымда жолуктук. Атамбаевдин айтуусу боюнча биз берген сунуштарга ал принципалдуу түрдө каршы эмес,-деди Темир Сариев.

Темир Сариевдин пикиринде, эми 10-апрелде Жогорку Кеңешке сунушталган долбоор артка чакырылып алынып, андан кийин макулдашылган вариант киргизилсе, долбоордун парламенттен колдоо табары жеңилирээк болот.

«Реформа үчүн» кыймылдын активдүү мүчөлөрүнүн бири Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, оппозиция сунушу боюнча жаңы конституция кабыл алынгандан кийин коалициялык өкмөт түзүлүш керек:

-Өкмөттү түзүү кандай болот? Өлкөдөгү негизги саясий күчтөрдүн катышуусунун негизинде Жогорку Кеңеш эл ишенимине татыктуу болгон коалициялык өкмөттү сунуш кылат.

Ал эми Алмаз Атамбаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан долбоордо коалициялык өкмөт түзүү каралган эмес. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин «Азаттыкка» маалымдоосуна караганда, президент менен премьер-министр бүгүн көзмө-көз жолугушуп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдан тарта конституциялык реформага чейин маселени талкуулашты. Бирок анын жыйынтыгы тууралуу маалымат бериле элек. Ошондой эле президент менен бүгүн депутаттардын тобунун жолугушуусу белгиленүүдө. Анда да конституциялык реформа маселеси талкууланмакчы.