АКШнын жана НАТОго кирген өлкөлөрдүн жогорку даражалуу аскери чиновниктери бүгүн Брюсселде Россиянын өкүлдөрү менен жолугушат. Тараптар Борбордук Европада антиракеталык системанын айрым элементтерин жайгаштыруу боюнча АКШнын планын талкуулашат. Москва бул планга каршы чыгып,анын өзүнүн коопсуздугуна коркунуч катары баалап жатат.
АКШнын ракетадан коргонуу агентствосунун директору генерал Генри Оберинг Польшага жайгаштырыла турган антиракеталык элементтердин ордун орустарга көрсөткөнгө Вашингтон даяр экенин ырастады. Генералдын айтымында, россиялык эксперттер элементтерди өз көздөрү менен көрүшсө, алардын чабуул коюучу курал эместигине ынанышат эле. Бул жерде болгону Польшанын макулдугу гана талап кылынат, деп кошумчалады америкалык генерал.
НАТОнун өкүлү Жеймс Аппатюрэй Брюсселдеги бүгүнкү сүйлөшүүлөрдөн чоң жыйынтыктарды күткөнгө негиз жоктугун эскертти. Бул – кандайдыр бир чечим кабыл ала турган жыйын эмес, деп айтты ал. Бүгүнкү жолугушуу болгону ракетадан коргонуу, бу чөйрөдөгү АКШнын планы жана НАТОнун аракеттери тууралуу ачык,эркин пикир алышуу мүмкүнчүлүгүн гана билдирет. Мындай талкуу натуура түшүнүктөрдү жана ишенбөөчүлүктү четтетүүгө көмөктөшөт.
Вашингтон Польшага жана Чехияга жайгаштырганы жаткан системанын элементтери Иран,Түндүк Корея сыяктуу чогоол режимдердин ракеталык соккуларынан коргонуу үчүн зарыл деп эсептейт. Москва болсо мындан өз коопсуздугуна түзүлө турган коркунучту жана дүйнөлүк стратегиялык теңдемдин бузулушун көрөт. Эгер АКШ өз долбоорунан баш тартпаса,жаңы “кансыз согуш” тутанарын жана Россия буга теңбарабар жооп бергенге мажбур болорун президент Путин эскерткен эле.
Мамлекеттик думанын тышкы иштер комитетинин төрагасы Константин Косачев: “Биз түшүнбөйбүз,эмне үчүн ирандыктар менен түндүккореялыктардын кыялый коркунучунан Польша менен Чехиядан коргонуу керек? Эмне үчүн муну, айталы, НАТОнун мүчөсү Түркиядан жасаса болбойт, мындай шартта бу проблеманын аңыты кыйла айкын болмок”,- деп билдирди.
Айрым орус эксперттери Россияны коопсуздук маселеси кабатырлантып жаткан жок дешет. Вашингтондун бул планы анын дүйнөгө өз эркин таңуулоого умтулганын көрсөтөт, Москвага баарыдан мурда ушул жагдай жакпайт, дешет алар.