ОРУСИЯ МЕНЕН ТҮШТҮК КАВКАЗ ЖУМУРИЯТТАР АЛАКАСЫ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА

Муса Мураталиев, Москва Саясий анализчилер Москванын кийинки учурда Арменияга караганда Азербайжан жана Грузия менен мамилеси кыйла сууп кеткенин белгилешет. Мындай жагдай тараптардын бирин-бири тоотпоо өнөкөтүнөн улам пайда болууда дешет. Москва ал аймактагы өз кызыкчылыгын түштүк кавказдык жумуриятардын ич ара кагылышын ооздуктоодон улам болуп атат деп келет. Ошол себептүү орусиялык күч түзүлүштөрү Түштүк Кавказда дагы да болушу зарыл, ага аймактагы өлкөлөр өздөрү кызыктар деп келет. Бирок, мындай маанайды түштүк кавказдыктар кандай кабылдашат?
Анализчилер болжолунда орусиялык бийлик мурдагы советтик чектеги элдер жеринде саясий таасирин сактаймын аракетинен улам Кавказ аймагындагы ансыз да тартыш болуп аткан демократиялык баалуулукту такыр жок кылууну көздөп атат дешет.

Евразиялык кыймылдын лидери Александр Дугин: «Орусияга жеринен чукул болсом деген Армения, мурда Түркия менен жакындашсам деген Азербайжан кийин Маскөөгө да карап иш кылчу болду. Орусияга каршы чыгып, америкалык болуп бараткан бир гана Грузия», -деп түштүк кавказдык өлкөлөргө мүнөздөмө берет.

Мына ошол өлкөлөр алакасы Кремлдин арачы болушунан улам ырбап кетпей бир калыпта тургандыгын анализчи Сергей Маркидонов айтат. «Азербайжан өзүнүн 13 пайыз жерин: Тоолу Карабак жана 7 районун тарттырып ийген, Грузия болсо Абхазия менен Түштүк Осетия жерин талашып атат. Армения кошуналарынан өз коопсуздугун эстейт. Аларды бири-бири менен тытыштырбай коргоп турган Орусия. Ошол себептен ал аймактын кепилдигин алуу орусиялык аскерий күчөрдө болууда. Анын өзгөчө себеби бар, эмне дегенде Түштүк Кавказдагы өлкөлөрдө толук кандуу мамлекет биротоло орноптур деп айта албайбыз», - дейт.

Ошол эле учурда Орусиянын өзүндө демократиялык баалулук тепсөөдө калып атканын Грузиянын тышкы иштер министри Гела Бежуашвили айтат. «Чегарасын жаап, соодадагы алканы токтотуп, грузиялык учактарды асманы менен учурбай коюу, өз атуулдарын улуту грузин болгондугу үчүн гана жеринен кууп салуу» болуп атат дейт.

Саясий талдоочулар арасында дагы бир улуу кеп НАТОго Грузиянын мүчө болуп өтөт экен деген аңырт. Маскөө ошого өчөштүк кылып эми Түштүк Осетия менен Абхазия маселесин чечүүнү такыр чарасыздыкка алып келет деп да айтышат.

Ошол эле учурда Маскөөнүн акырындап дегеле мурдагы советтик республикалар болушкан кошуналары менен ымаласын суутуп алганын белгилешет. Газ саясаты астында кысым эми муштумун кесөө ыкмасына жетип калганын, андай жорук жакында Эстонияга каршы жасалгандыгын, андан мурдараакта Киев, Кишинев, Тбилиси, Минскиге көрсөтүлгөндүгүн айтышат. Азербайжандык саясий анализчи Ариф Юнусов баамында Орусия кычык таппаган кошунасы калган жок деп белгилейт:

«НАТО базсы болот экен деп Орусия кооптонот дешет. Бирок бизде андай база жок, ошого карабай деле биз менен да алакасы кыйла начар», - дейт.