Францияда жаңы президент шайланды. Консерватор Николя Саркози шайлоонун экинчи айлампасында 53 проценттей добуш топтоп, социалист атаандашы Сеголен Руаялды утуп алды. Саркози өлкөдө социалдык-экономикалык кеңири реформаларды өткөргөнгө сөз берди.
Саркозинин миңдеген тарапкерлери анын жеңишин Париждин чак ортосунда шатыра-шатман түшүп белгилешти. Француздар өлкөнү өзгөрткөнгө мандат бергенин айтып, Саркози өз кезегинде жалпы улутту бириктиргенге убада берди. Мен үчүн бөлүнгүс бир гана Франция бар, деп айтты ал. Өзүнө каршы добуш берген шайлоочуларга кайрылып, Саркози аларды бардык француздардын президенти болгонго ишендирди. “Өзгөчө баса белгилегим келет – Франциянын бир бөлүгү экинчи бөлүгүн утуп алган жок, биз баарыбыз жалпы жеңишти – демократиянын жеңишин белгилеп жатабыз”, - деди Саркози.
Саркозинин жеңиши шайлоочулардын чейрек кылымдан бери боло элек активдүүлүгү менен коштолду - жекшемби күнү добуш берүүгө алардын 85 проценттен ашууну катышты. Жаңы президент Францияны азыркыдан да бакубат жана аркалуу кылганга, бул үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзгөнгө дагы бир жолу убада берди. Атап айтканда, 35 сааттык жумушчу аптасын абсурд деп атап, француздарга көбүрөөк иштегенге мүмкүндүк түзөрүн, кызматкерлерди жалдап алууда жана аларды иштен бошотууда фирмаларга жеңилдик берерин белгиледи. Мындан тышкары Саркозинин пландарында кылмыштуулуктун кылтасын кыйганга, тыштан келчү иммигранттардын агымын азайтканга арналган да катаң чаралар бар.
Өзү можар иммигрантынын баласы экенине карабай Саркозинин ушундай кадамдарга батынганын колдоп, корсикалык шайлоочулардын бири жаңы президентти реформа жүргүзгөнгө батылы бар адам деп баалады.
Мындан эки жыл мурда иммигранттардын тополоңу тутанган кезде Саркози аларды коомдун “саркындыларына” салыштырган эле. Ошондуктан Саркозинин жеңиши жана катаң пландары алардын кайрадан кучунашын карматты. Жекшемби күнү кечинде Парижде аламандаган топ полицияга таш атып,Саркозини “фашист” деп атап,тополоң чыгарды. Полиция аларга жашагызма газ колдонду.
Саркозинин социалдык айрым пландарын профсоюз лидерлери да сынга алып, массалык иш таштоолорду уюштура турганын айтышты. Ошентсе да Саркози пландаган реформаларга чоң кыйынчылык эмдиги айда боло турган парламенттик шайлоодон кийин түзүлөт шекилденет. Жаңы парламентте анын партиялаштары менен саясий санаалаштары артыкчылык кыла албасын коомдук пикирдин көрсөткүчтөрү азыртан эле ачык каңкуу кылууда. Өзгөчө социалисттер кетирген өнөгүн алганга бекем белсенип жатышат. Алардын бири билдиргендей, президенттик мандат үчүн күрөштө утулган күчтөрдүн баары биригип, парламенттик шайлоо өнөктүгүндө абалды өзгөрткөнгө, Саркози бийликте турганда өлкөдө кыйынчылык көп болоруна француздарды ынантканга аракет кылышмакчы.
Саркози 16-майда президенттик кызматка отурат.