ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: «ГКНБ 37-ЖЫЛДАГЫ ИШТИ ЖАСАП АТАТ»

“Азаттыктын” маектеши “Атуулдар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.
- Экс президенттин кызы Бермет Акаевага каршы козголгон кылмыш ишти мындан ары Улуттук коопсуздук кызматы териштирмек болду. Бермет Акаева ага карата жасалган бардык аракеттерди бийликтин куугунтугу катары баалап жатат. Сиздин оюңузча бул чынында эле ошондойбу?

- 19-апрелдеги митингди милиция аркылуу куугандан кийин ошол күндөн баштап жалгыз гана Бермет Акаева жөнүндө сөз болбош керек бул жерде. Азыр митингге катышкан Чүй облусунан, Бишкектен токсонго жакын жаш балдар кармалып, ГКНБнын сурагында болуп атышат. Анын ичинде Бермет Акаева да бар. Баарын изилдеп мыйзам ченеминде карап көргөндө чындыгы бул саясий куугунтук деп эсептейбиз биз укук коргоочулар.

- Бирок бул окуя анын бирден-бир себепкери Бермет Акаеванын тегерегинде болуп атат. Сиздин оюңузча Бермет Акаева анын атасы Аскар Акаевдин түзүп кеткен саясий системанын өзүнөн жапа чегип атат деп ойлойсузбу?

- Андай карабашыбыз керек. Биз сабаттуу элбиз. Кызы атасы үчүн, баласы атасы-энеси үчүн жооп бербеш керек. Бул түшүнүктүү нерсе, эгерде ошондой баласынан баласын куугунтуктасак анда 17-кылымдагы жапайы адамдардай болуп эсептелебиз. Ошондуктан мыйзамдуу мамлекет болгондон кийин мыйзамдуу көз караш менен ар бир ишти териштириш керек.

- Бермет Акаева бул жерде туруктуу жашаган жок деген айыптан улам шайлоого катыша албай калды. Бул берене Конституцияда жок, бирок шайлоо кодексинде калыптыр. Демек ушул өңдүү окуялар уламдан-улам кайталана бериши мүмкүнбү?

- Азыр биз ушунчалык оор мезгилде жашап атабыз. Анткени декабрдагы Конституцияда адамдарга жакчу, жакпачу да беренелер бар. Мисалы өлүм жазасы Конституцияда жок, бирок кылмыш кодексинде бар. Ошон үчүн соттор бүгүнкү күндө кылмыш кодексин бетине кармап алышты. Ошон үчүн башаламан саясат, башаламан турмуш болуп атат. Биз жарандык коом ушунчалык суранып жана түшүндүрүп келатабыз президентке, тез аранын ичинде Конституциялык реформа болмоюнча, ГКНБ 37-жылкы ишти жасап атат. Прокуратура жөнөкөй адамдарды ушунчалык куугунтуктап, болбогон нерседен кылмыш ишин ачып, аябай кысымга алып атат элдин баарын.

- Анткен менен Кемин районундагы шайлоо жокко чыгарылды. БШК тарабынан жасалган бул кадамга кандай баа бересиз?

- Узак мөөнөттү жана кыска мөөнөттү 94 байкоочу болгон Кемин районунда. Ошондо биздин баамыбыз боюнча административдик ресурс cовет мезгилиндей партком, же райком иштегендей эле иштетип, ар кайсы чоң чиновниктер түздөн-түз кийлигишип атышты. Жарандык коом 2000-жылдан бери таза шайлоо үчүн күрөшүп келатабыз. Ошон үчүн Кемин районундагы шайлоону, окружкомду дагы, Борбор шайлоо комиссиясын дагы мыйзам ченеминде талап кылып 45, 47, 49 – беренени кармап туруп алдык. Ошон үчүн шайлоо комиссиялары ар кайсы деңгээлде иштеди. БШК бул жолу адилет жана мыйзам ченеминде иштегени үчүн биз ыраазычылыбызды билдиребиз.

- Шайлоонун биринчи айлампасына катышкан талапкердин 13 тең шайлоого катышууга укугу жок. Бирок Бермет Акаевада мындай мүмкүнчүлүк болобу?

- Аны адвокаттары жана Бермет Акаева өзү да иштеп аткандыр. Ал өзүнүн адвокаттарын катуу мыйзам ченеминде иштетиши керек. Эгерде ошондой иштей алса сөзсүз түрдө анын укугу болот.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Жаннат Токтосунова, Прага