Нарын АЙЫП, Прага Мындан эки ай мурда Ооганстанда оппозициялык сыяктуу жаңы уюм түзүлгөн, бирок анын мүчөлөрү өздөрүн оппозиция деп ачык атабайт жана алардын максаты - өлкөдөгү абалды оңдоо деп айтылууда. Аны менен катар "Бириккен фронт" деп аталган бул уюмдун аракеттери дагы көп байкалбайт.
"Бириккен фронт" деп талган бул уюм Кабул шаарында 13-мартта түзүлгөн, бирок ал тууралуу кеңири калкка бир нече аптадан кийин гана жарыяланган. Уюмдун жетекчилигине отузга жакын адам киргени жөнүндө - "Фронттун" төрагасы болуп шайланган мурдагы президент Бурхануддин Раббани 3-апрелде жарыялаган.
Алардын арасында азыркы биринчи вице-президент Зия Масуд, парламенттин спикери Мохаммед Юнус Кануни, Ооганстандын аскерий ордосунун башчысы генерал Абдул Рашид Достум, суу жана кубат министри Исмаил Хан, мурдагы коргоо министри маршал Мохаммад Касим Фахим, мурдагы ички иштер министри Сайед Мохаммед Гулябзой жана башкалар бар. Уюмга кошулганы жөнүндө мурдагы ооган падышасы Захир Шахтын небереси, азыр айлана-чөйрөнү коргоо комиссиясынын төрагасы Мустафа Захир дагы жарыялаган.
Уюм өзүнүн негизги максаты катары - өлкөнүн саясий системасын өзгөртүп, Ооганстанды парламенттик республикага айлантуу деп билдирген, ал үчүн болсо парламенттик шайлоону партиялык негизде өткөрүү керек жана конституцияга өзгөртүү киргизилүүгө тийиш. "Фронттун" айрым жетекчилеринин пикиринде, өлкө провинцияларынын губернаторлору дагы элдик шайлоодон өтүш керек, бирок өкмөттүн айтымында, анда Ооганстан федералдык мамлекетке айланып кетиши мүмкүн жана өткөөл мезгилде өлкө үчүн президенттик башкаруу эле жакшы.
Кеңири калк жана көптөгөн байкоочулардын пикиринде, бул "Бириккен фронтко" учурда мамлекеттик кызматта иштеген адамдар киргендиктен, ал оппозициялык же оппозициялык эмес бирикме экени так белгисиз, анын катарына мурдагы коммунисттик режим учурунда жогорку кызматта иштегендер киргени дагы көптөгөн суроо жаратууда.
Жалал-Абад дубанынын карапайым тургуну Гүл Рахим Шердин айтымында, бирикме көпкө жашабай тургандай: "Бул - ар түрдүү карама-каршылыктуу максатты көздөгөн ар башка топтордун бирикмесине окшош. Алар канчага чейин берге болоору дагы белгисиз. Уюмга кирген көптөгөн адам - өздөрү азыр бийликте отургандар. Ошондуктан алар эмне максат көздөп жатканын түшүнүү кыйын, алар өз бийлигин сактап калууну каалайбы же башка максаты барбы… Менин пикиримде, бул бирикмеден эч нерсе чыкпайт", - дейт Шер.
"Азаттыктын" Вашингтон шаарындагы аналитиги Амин Тарзинин айтымында болсо, бул атактуу адамдардын бирикмеси жөн гана президент Хамид Карзайдын саясатына каршы чыккандарды бириктирген убактылуу уюмга окшош. Аны менен катар, алар жогорку бийликке каршы колуна курал алып чыкпастан, өлкөдөгү абалды кандайдыр бир тынчтык ыкмалары менен өзгөртүүгө аракеттенип жатканы эле - алдыга жасалган кадам, анткени 1978-жылдан бери өлкөдөгү бардык өзгөрүүлөр куралдуу кагылышуулар аркылуу гана жасалып келген. Бирок, аны менен катар, уюм эки айдын ичинде орчундуу саясий аракет көрө электиги дагы чын.