Кечээ Ливандын түндүгүндө өкмөттүк аскерлер менен куралдуу экстремисттик топтун ортосунда болгон салгылашууда бери дегенде 40 киши курман болду. Курман болгондордун жыйырма экиси солдаттар, он жетиси куралчан согушкерлер. Байкоочулар бул ички согуш аяктаган 1990- жалдан берки эң кандуу салгылашуу болгондугун айтып жатышат.
20-майда Ливандын өкмөттүк аскерлери өзүн Фатх-Ислам деп атаган топтун жашынган жерлеринин бири- Нахр- ал Баред деген жердеги качкындар лагерине рейд жасады. Эки ортодогу салгылашууда 40 чакты киши курман болду. Алардын 22 солдаттар, ал эми он жетиси исламчыл согушкерлер. Бул качкындар тургун жайында 40 миңдей палестин баш калкалоодо. Качкындар салгылашууда 12 жөнөкөй киши курман болуп же аракат алганын айтып жатышат. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктаган жок.
Салгылашуу Ливан коопсуздук күчтөрү мындан бир күн мурда банкты карактап кеткен ууруларды издеп жатабыз деген шылтоо менен Триполидеги шектүү үйлөргө рейд жасаган учурда тутанды. Салгылашуу абал ансыз да туруксуз болуп жаткан Ливандагы жагдайды ого бетер шыкактады. Батышты колдогон өкмөтчүл күчтөр менен Сириянын таасириндеги оппозициянын ортосундагы таймаштан улам өлкө бир нече айдан бери кризистен чыга албай келатат. Ливандын айрым өкүлдөрү Фатх-ал Ислам тобунун Ал-Кайыда менен байланышы бар дешет. Башкалары болсо топту Сириянын чалгындоо кызматынын алдыңкы фронту деп эсептешет. Сирия бул айыптоолорду четке кагып, кечээ Ливан менен чек араларын жаап салды.
Фатх ал- Исламдын жетекчиси Шакер ал-Абсси топтун Ал-Кайыда менен байланышы бар экенин төгүнгө чыгарып, Рейтерге буларды билдирди:
-Биздин ал-Кайыда менен байланышыбыз жок, бирок биз каапырларга каршы согушуу маселесинде пикирдешпиз. Кол салган каапырларга каршы согушуу бир мусулмандын парзы,- деди ал Абсси.
Ливандын кабинет министри Ахмад Фатфат Фатх- ал- Исламдын кол салууларын 2005- жылы мурдагы премьер- министр Рафик Харинин өлтүргөндөрдү жоопко тартуу максаты менен трибунал уюштуруу планына жолтоо болуу аракети катары сыпаттоодо. Улуттар уюму тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз иликтөөлөр Хариринин өлүмүнө Сирия менен Ливандын айрым чөйрөлөрүнүн тийешеси бар экенин аныктаган.
Анын ортосунда кечээ кечинде Бейруттун христиандар отурукташкан кварталында жардыруу болуп, андан бир аял курман болду. Теракттын артында кимдер турганы белгисиз.
Баян Жумакадыр кызы, Прага