ГЕРМАНИЯДА ӨНҮККӨН СЕГИЗ ӨЛКӨНҮН САММИТИ БАШТАЛДЫ

Германияда Өнүккөн Сегиз өлкөнүн чоң жыйыны башталууда. Үч күндүк самитте климаттын өзөрүшү көңүл борборунда болот дешет. Ошол эле убакта АКШ менен Орусиянын ортосундагы тирешүүнүн күч алышы да көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп жатат. Самиттеги "Азаттыктын" өз кабарчысы билдиргендей, бүгүн (6-июнда) орус президенти Путин германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушууда. Анын алдында Меркель АКШнын президенти менен климаттын өзгөрүшү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
Хайлигендамм курортундагы жыйында экологиялык маселелер жана жарды өлкөлөрдүн абалы күн тартибиндеги башкы маселе болот деп күтүлгөнү менен, Германиянын расмий өкүлдөрү жер абасынын ысышы же Африка өлкөлөрүнө убада кылынган жардамдар боюнча эч кандай ири келишим болбойт деп айтышууда.

Ушуга байланыштуу бейшембиге белгиленген орус жана америка президенттеринин көзмө-көз жолугушуусу негизги окуя болуп калат шекилдүү.

Бул жолугушуу тууралуу жасаган билдирүүсүндө АКШнын президенти Жорж Буш "Владимир Путинге Американын ракетадан коргонуу системасынан коркпо, андан көрө бул системаны чогуу куралы" деп айта тургандыгын белгиледи.

Бир эле мезгилде 5-майда Прагада аталган системаны Чех Жумуриятында жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн мезгилинде Буш Орусияны катуу сынга алды:

– Орусияда жарандардын укуктарын бекемдеши керек болгон реформалар тескерисинен кетти. Бул демократиялык өнүгүүгө салакасын тийгизүүдө. Талаш маселелер тууралуу ачык сүйлөшө билсек, биздин мамилебиз ойдогудай экенин көрсөтөбүз. Кошмо Штаттары Орусия менен да, Кытай менен да мамилелерин сактап калат. Бирок, биз өз принцип, баалуулуктарыбыздан баш тартпайбыз.

Путин да акыркы күндөрү АКШнын короосуна таш ыргытууда. Өнүккөн Сегиз өлкөнүн журналисттери менен жолугушуусунда ал Кошмо Штаттарын "Европада ракетадан коргонуу системасын куруу планы менен эл аралык коопсуздуктун бүткүл системасын өзү билгендей өзгөртүп жатат" деп күнөөлөдү. "Ушуга байланыштуу Орусиянын Европаны мээлетип ракета жайгаштыруудан башка айласы калбайт" деп эскертти Путин.