Айгүл Жунушалиева, Прага Чыгыш Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн башчысы Жозеф Вотел бул жумада жыйын өткөрүп, ооган аскрий күчтөрүнүн согушкерлерге каршы аракеттери жакшырганын айтты. Мындан тышкары ооган армиясы НАТО менен гана эмес, жергиликтүү бийлик жана Пакистан күчтөрү менен да кызматташууда көрүнөөрлүк ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи.
Жыйында генерал Вотел, өткөн айда согушкерлер Кызыл мечитти басып алганда аскерлердин аракети мактоого аларлык деп айтты. Ошондой эле Ооганстан менен Пакистан чектеш аймактарда салгылашуулар азайгандыгын билдирди:
- Өткөн жумада мурдагыга салыштырмалуу чегарадагы чыр-чатактар биздин эсеп боюнча 50 пайызга азайды. Бир топ убакыт бою, акыркы айды кошкондо кагылыштардын саны жогорулаганы байкалган, бирок өткөн жумада алар тескерисинче азайды. Бул Кызыл мечиттеги окуядан кийин же Пакистандык аскерий күчтөрдүн аракетинин күчөшүнөн улам болушу мүмкүн.
Генерал Вотелдин айтымында өткөн жумада Ооганстан менен Пакситандын чегарасын көзөмөлдөгөн НАТО күчтөрү чек арада орун алган 10-20 чатакка катышкан. Мындан тышкары генерал Ооганстандын улуттук армиясынын дарегине генерал алкыш сөздөрүн айтты:
- Биз алардын жетишкендиктерин мыкты деп баалайбыз. Алар туура жолдо бара жатышат. Биз ооган күчтөрү аскерий операцияларды аткарууга толук жарай турганын көрүп жатабыз. Бирок ошентсе да көп учурларда эл аралык коопсуздук күчтөрү аларга жардам берүүсү керек.
Мындан тышкары Вотел согушкерлер НАТО учактарын жок кылуу үчүн ракета жана башка күчтүү куралдарды колдоно баштаганын айтып өттү. Алардагы курал-жарактын бир бөлүгү Иранда өндүрүлгөнү тастыкталган, бирок бул талиптерге Иран өкмөтү колдоо көрсөтөбү же жокпу деген суроого жооп бере албайт, деди генерал.
Жыйында генерал Ооганстандын батыш аскерий күчтөрүнө болгон муктаждыгы канчага чейин созулат деген суроого жооп бербегени менен,
Алар согушкерлер менен өз алдынча күрөшүүгө күчү жеткен мезгил келээрине мен күн өткөн сайын көбүрөөк ишенип атам»,- деп билдирди Жозеф Вотел.