ШКУнун ИРИ АСКЕРИЙ МАШЫГУУСУ БАШТАЛДЫ

Нарын АЙЫП, Прага 9-августта Шанхай кызматташуу уюмунун ири аскерий машыгуусу башталды. Уюм өзү аны антитеррордук окуу деп атаганы менен, айрым байкоочулардын пикиринде, машыгуу андан алда канча кеңири мааниге ээ жана Шанхай кызматташуу уюму өзү аскерий блокко айланып баратат.
Машыгуу 9-августта Кытайдын Үрүмчү шаарында башталды, Шанхай кызматташуу уюмуна кирген алты мамлекеттин аскерий жетекчилери окуунун пландарын карап, аларды тактайт, андан соң негизги машыгуу 11-августта Орусиянын Челябинск облусунда башталат жана анын акыркы күнү - 17-августта - аны көрүүгө Шанхай уюмуна кирген мамлекеттерин президенттери Бишкектен Челябинскке келет. 16-августта Бишкекте уюмдун бийик жолугушуусу өтүүгө тийиш.

Машыгууга алты жарым миңге жакын аскер катышууда, алар негизинен Орусия менен Кытайдын аскерлери, Казакстан менен Тажикстан бирден рота, ал эми Кыргызстан бир взвод жиберүүдө. Өзбек аскерлери жок, бирок анын адистери катышууда.

Машыгуу - антитеррордук аракет деп аталат, анын жүрүшүндө аскерлер - террорчулар басып алган бир шаарды бошотууга тийиш, анткен менен ага мынчалык көп аскер катышканы айрым байкоочулардын, мисал үчүн, америкалык аскерий эксперт Стивен Бланктын тынчсыздануусун жаратууда:

"Шанхай уюмунун өкүлдөрү - алардын уюму эч бир үчүнчү тарапка каршы багытталган эмес деп такай айтканы менен, уюмдун документтери антиамерикалык жашыруун билдирүүлөргө толгон. Бул машыгуу антитеррордук окуу эмес, бул кадимки аскерий аракеттер", - деп билдирди Бланк "Азаттыктын" кабарчысы Брюс Панниер менен болгон маегинде.

Анын айтымында, Шанхай уюму өткөргөн мындай машыгууларга катышкан аскерлердин саны улам көбөйүп баратат жана анын максаты да өтө кеңири: "Мындай машыгуулар көлөмү боюнча өсүп баратат, алардын максаты Борбор Азия менен гана чектелбейт. Орус жана Кытай жетекчилери мындай окуу менен жөн гана террорчуларга каршы машыкпаганы анык. Менин оюмча, 2005-жылдагы окуу учурунда алар Тайванга, же, мүмкүн, Кореяга каршы, же Түндүк Кореядагы кокустук, же америкалык кол салууга каршы кантип аракеттенүүгө машыккандай, азыр дагы алар Азияда мүмкүн болуп кете турган кокустуктар жана АКШ тараптан мүмкүн боло турган чабуулга каршы машыккандай", - дейт Бланк.

Андан тышкары алар - кайсы бир өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш болуп кетээринен дагы коркот жана андайга даяр болууну каалайт: "Менин оюмча, ага түрткү болгон нерсе - 2005-жылы Кыргызстанда болгон окуяларга Орусия менен Кытай такыр даяр эмес болуп чыккан жана андайдын кайталанышын каалабайт. Ошондуктан, мисал үчүн, кайсы бир мамлекет жардам сураса, же ири элдик толкундоо болуп, ал кризиске айланса, же кайсы бир мамлекеттеги абал өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгып кетсе, ага даяр болуш керек. Же мүмкүн боло турган ири террордук аракетке да даяр болууга тийиш, бирок андай коркунуч азырынча жок", - дейт америкалык профессор.

Андан тышкары, профессор Бланктын пикиринде, Шанхай уюмунун Бишкекте өтө турган саммитинде Кыргызстандагы америкалык базаны өлкөдөн чыгарып кетүү тууралуу ачык талап жасалбаш керек, жолугушуу негизинен уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жана анын жаңы эрежелерин иштеп чыгууга арналат.

Орусиянын "Коммерсант" гезити 9-августта жазганга караганда болсо, Бишкектеги саммитте Орусия уюмдун башка мүчөлөрүн антиамерикалык нукка бурууга жана уюмдун өзүн аскерий блокко айлантууга аракеттенет. Башталган аскерий машыгуу дагы ошону көздөйт дейт гезит.