ЭКИ ДӨӨ ОРТОСУНДА

Кечээ Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао келди. Шаңкай кызматташуу уюмунун кезектеги жыйыны алдында Бишкекте өтүп аткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, маданий кызматташтыкты дагы тереңдетүүгө багытталган келишимдерге кол коюлмакчы. “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиев кыргыз-кытай мамилелери, Шаңкай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыктары тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп белгилүү ишкер Табылды Эгембердиевге кайрылган.



- Табылды мырза, мына Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао келди. Кийинки жылдары кыргыз-кытай мамилелери экономика, саясий, атүгүл аскерий жаатта да күчөп бара жатат. Мунун натыйжасы кандай болот, барып-келип бу мамиле Кыргызстандын геосаясий кызыкчылыгына канчалык төп келет? Кытай биздин эң жакын кошуна, бирок ошол эле мезгилде биздин ал жөнүндөгү түшүнүгүбүз, билгендерибиз мага аздай сезилет. Мына сиз Кытайда жүрөсүз, кытай кандай эл экен?

- Бизде, кыргыздарда, кытайдан коркуу сезими бар. Мен муну төгүнгө чыгарат элем. Корко турган эч нерсе жок. Негизи биздин келечегибиз Кытай менен болот. Кытай тууралуу эмнени айтса болот? Кытайда биз үйрөнүп ала турган нерсе көп экен. Кытай капиталисттик системада иштеп, социалисттик системада жашаган жалгыз мамлекет десек да болот. Кытайдын чиновниктери чынында эле сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө эл үчүн иштеген чиновниктер экен. Дүйнөдөгү социалисттик мамлекеттер эмнеден кыйрады? «Культ личности» деп коебуз, бир адамга сыйынып жүрүп ошонун аркасында саясий кризиске учурап талкаланып жатат. Кытайдагы азыркы социалисттик мамлекет ошол «культ личности» дегенди таптакыр жок кылыптыр. Кандай адам болобосун, көрүп жатасыңар, эки мөөнөттөн ашуун иштегенге укугу жок. Бир адам дейбизби, бир үй-бүлө дейбизби, бир адамга баш ийген системаны таптакыр жок кылышыптыр. Бир жарым жыл ал жерде жүрүп Союздун тарап кетиши туура эмес болгонун ошол жерде түшүндүм. Өзүм демократ болчумун. Дагы бир таңкалганым. Мен кытай деген бир эл, калганы, казак, кыргыз, моңгол, уйгур деп ойлочумун. Кытай өзү көп мамлекеттен турат экен. Биринин тилин бири түшүнбөйт.

- Табылды мырза, дагы бир суроо. Мына, сиз Кытайдын ишкерлик чөйрөсү менен тааныш болуп, Кытайдын экономикалык өнүгүшүнүн сырын жакшы билип калдыңыз. Билесиз, биз пландуу экономиканы жерип, базар экономикасына өттүк. Бирок да калктын турмушу андан мыкты болуп кетти деп айтыш кыйын. Бул жагынан алганда, Кытайдын экономикалык реформасынын биз үйрөнө турган кандай жактары бар экен? Ушул жөнүндө кеп кылсак.

- Пландуу экономиканы биз туура эмес түшүнүп алыппыз да. Пландуу экономика десек эле баарын өкмөт башкарып, өзү тескечү эмес беле. Кытайда болсо өкмөт экономиканы жеке бизнес өкүлдөрүнө өткөрүп берген. Кытайда партиясы дейбизби, өкмөт дейбизби, ошолорго жакшы шарт түзүп бериш керек экен. Ошо түзүлүп берилиптир. Кытайда мыйзам бийликтен күчтүү. Бүт баары мыйзам чегинде иштейт. Кемчилик болсо болгондур, бирок Кытайда бизнеске бизден жакшы шарт түзүлгөн. Айтып коюшум керек, Кызылсуу автоном облусуна биринчи чет эл инвестору болуп барган экенбиз, 6 гектир жерин бекер берип, бир тыйын албай суусун чыгарып берди, жолун салып, тогун тартып берди. Беш жылга салыктан бошотуп койду. Чиновниктерден «эмне жардам керек» дегенден башканы уга элекмин. Бирөөнө бир тыйын бергеним жок. Майда бизнести караган киши жок, салык төлөшпөйт. Айыл чарбасын таптакыр салыктан бошотуп койгон. Оокаты начар кишилерге биздин акчага 500 - 700 сомдон төлөп берип жатышат. Эми булардагы реформа мындан жыйырма-отуз жыл мурда башталган. Айыл чарбасында жерди таратып, пенсия да төлөбөй, «оокатыңды өзүң кыл» деп бөлүп коюптур. Бизнеске көңүл бурушкан, мына Шаңкай, Гонконг дегендерди угуп жатасыңар. Бизнес өнүккөндөн кийин кайра эми айыл чарбасына көңүл буруп, жакшы жардам берүүдө. Ал жерде деле баары өнүгүп кетти дештен алысмын. Бирок да мурунку заманга караганда азыр ал жерде курсагы ачка, кийимсиз калган киши жок. Кытай эли өзүн Жуңго деп коет, Жуңго – дүйнө ортосу дегенди түшүндүрөт. Өткөн жетекчилерине сый-урмат менен мамиле кылат экен. Маоцзедун, андан кийин Ден Сяопин, Цзян Цземин, анан бу Ху Цзиньтаонун сүрөттөрү илинип турат. Аларды көргөндө колун көкүрөгүнө алып ийилип сый-урмат көрсөтүшөт. Анан мен бир уйгур колхозчу чалдан «эй, мынабу Маоцзедун мындай иштерди кылбады беле» деп сурасам ал айтат: «Эй, антип айтпа, ал киши элди оңдойм деп ката кетирген. Чоң кишинин катасы чоң болот».

- Дүйнө ортосу – Жуңго, бизче айтканда, Кытайдын экономикалык ыкчам өнүгүүсү анын геосаясий кызыкчылыгын да козгоп койду. Аны мына ушул Шаңкай кызматташуу уюмунун улам кеңейип баратышынан деле байкаса болот. Орусия менен Кытай геосаясий кызыкчылыгын, атап айтканда, Батыш өлкөлөрү менен теңата болуу аракетин алдыга коюп жатышат. Кыргызстан мына ушул эки лөк мамлекеттин ортосундагы саясий полигон болуп калышы мүмкүнбү, ошондой коркунучтун чыгышына негиз барбы?

- Туура айтасыз, Орто Азияда, Азия чөлкөмүндө, Чыгышта Кытайдын Европанын, өзгөчө Американын дүйнөлүк гегемониясына каршы уюм түзүп атканы жашыруун деле нерсе эмес. Мурун дүйнөнү титиретип турган эки держава бар эмес беле СССР менен Америка. Азыр Америка жалгыз калды. Анан тең салмактуулук жок болсо, бир жактуулук деле жакшылыкка алып барбай тургандыгы белгилүү болуп калбадыбы. Анан эми жашырасыңбы-жашырбайсыңбы Орусия менен Кытай Америкага каршы аракетин жүргүзүп жатат. Биз ортосунда турабыз. Бизге анын зыяны тиет деп мен кооптонбойм. Кооптонобузбу же кооптонбойбузбу биздин колубуздан эч нерсе келбейт. Бирок ортодо тигини далыга таптап, муну далыга таптап өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлошубуз керек деп ойлойм. Негизи бул табигый нерсе. Бирок мунун бир нерсеси бар. Орусия чыгат мен биринчимин деп. Быягынан мен биринчимин деп Кытай чыгышы мүмкүн. Ошол экөө чатакташып кетпесе бул чоң уюм болот. Менимче, биринчиси Кытай болот окшоп калды. Анын экономикалык потенциалы Орусияга караганда эки эсе дебейин, ошого жакындап барат. Биздин келечегибиз Кытай менен. Бир чети кошуна, экинчи жагынан абдан кубаттуу өлкө. Экономикалык, саясий, социалдык мамилелерди оңдой бериш керек.

- Четтен туруп караганда Кыргызстандын кандай экени даана, ачык көрүнүп калат эмеспи. Шаңкай кызматташуу уюмунун жыйыны алдында Бишкек бираз өзгөрдү, шаарга окшой түштү. Бул келишиңизде өзгөрүүлөрдү байкай алдыңызбы?

- Баарын салыштыруу аркылуу билесиң да. Анча деле эмес. Мына мен Кызылсуунун борбору Артуш шаарын бир жарым жыл ичинде тааныбай калдым, 30% өзгөрүп кетиптир. Бир айдан кийин барсаң эле бир үйдүн жанында жаңы үй туруп калат. Андай курулушту бул жерден байкай алганым жок. Андай өнүгүү темпин Кытайга салыштырып байкай албадым. Бирок Кыргызстан мурункуга караганда биртоп өзгөрүптүр. Көчөлөр жарык болуп калыптыр. Көлгө да барып келдим. Курулуш өнүгүп атыптыр, экономикабыз өнүгүп атыптыр. Курулуш экономиканын өнүгүшүнүн бир белгиси, өнүгүүнүн индикатору. Курулуш өнүксө эле экономика өнүгө баштайт. Мына кирпич кымбаттаптыр, башка нерселер кымбаттаптыр. Мунун жакшы да, жаман да жагы бар. Булар өнүгүү менен кошо жүрө турган нерселер. Турмуш жаман эмес, ыйлай турган заман эмес, капа болушка негиз жок деп ойлойм. Анча мынча өзгөрүүлөр бар эми. Бирок биз ойлогондой өзгөрүү эмес. Кытай менен салыштырууга болбойт.

- Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!