Советтер cоюзу таркап кеткенден кийин Орто Азия регионунда дээрлик бардык мамлекеттер ортосунда чегара маселелери көтөрүлө баштады. Беш мамлекет Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан ал кезде чегара маселелерин чечүүнүн жолдорун тактап чыгуу боюнча Шахнай бешилтиги деген форматта, 1996-жылы Шанхайда алгачкы ирет жолугушат. Кийин бул жолугушуулардын негизинде Шанхай кызматташтык уюму түзүлүп, анын катары Өзбекстан менен да толукталды. Дал ушул чегара маселелеринин аталган уюмдун алкагында чечилиши-чечилбеши тууралуу маселе менен жакшы тааныштыгы бар Саламат Аламанов мырза “Азаттык” үналгысында мейманда болду. Саламат мырза Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүн жетектейт.
- Шанхай кызматташтык уюму эң алгач чегара маселелерин тактоо үчүн түзүлгөн эле. Бүгүнкү Шанхай уюму бул маселелерден кичине алыстап, көбүрөөк регионалдык коопсуздукка, терроризмге каршы күрөшкө, экономикалык кызматташтыкка көңүл буруп жаткандай. Бул дегени чегара маселеси актуалдуулугун жоготту дегенди түшүндүрөбү?
- Албетте, жок. Өзүңүздөр белгилеп кеткендей Советтер cоюзу тарагандан кийин Советтер cоюзунун мурдагы Кытай менен чектеш төрт мамлекети өзүнүн чегара боюнча сүйлөшүүлөрүн улантып, бир мезгилде ушул маселени чечүүдө мурдагы калыптанган ишенбестиги чегара маселесин чечүүнү жолтоо болгонун сезгендиктен, Шанхай бешилтиги деген уюмду түзгөн. Ошондо биринчи иретте чегара тилкесиндеги аскердик ишенчүүлүктү, бири-бири менен болгон мамилени жөндөш үчүн 1996-жылы Шанхай бешилтигин түзүп, ошого тиешелүү болгон фундаменталдык документке кол койгон. 1997-жылы ошол чегара тилкесиндеги куралдуу күчтөрдүн кыскартуусу боюнча дагы келишим түзүп, ошондон кийин чегара маселесин чечүү ыргалдуу жүрө баштаган. Бүгүнкү күндө өзүңөр билгендей Кытай менен чектеш болгон Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан өзүнүн чегара маселелерин толугу менен чечип бүткөн. Бирок ушул Шанхай бешилтигинин алкагында иштеп келаткандан кийин мамлекеттер арасындагы чегара тилкесиндеги дагы көптөгөн бири-бирине керектүү кызыкчылыктары бар экенине көздөрү жетип, 1998-жылы Шанхай бешилтигинин саммитинде экономикалык өңүттөгү чегара тилкесиндеги кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча биринчи кадамдар жасалган эле. Кийинки кызматташуулардын өнүгүшүндө бул мамлекеттер өз ара дагы көптөгөн башка багыттагы кызматташууларды өнүктүрүүгө шарт бар экендигин жана ошого бардык мамлекеттер абдан муктаж экендигине көзү жетип, ошондон тарта кызматташтыктын алкагындагы бардык багыттагы мамилелерди чыңоого арналган иштерди жүргүзүп келатат.
- Бүгүнкү күнгө карата Шанхай уюмуна мүчө мамлекеттер менен Кыргызстан ортосунда кайсы өлкөлөр менен канча аймак талаштуу деп эсептелинип турат?
- Азыр Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекеттердин ичинен биздин чегарабыз толугу менен Кытай мамлекети менен чечилип бүткөндүгү белгилүү. Биз аны демаркациялап да койгонбуз. Казакстан менен болсо делимитацияны толугу менен бүтүргөн элек. Кийинки башталган сүйлөшүүлөр Өзбекстан менен болгон. Азыр болжол менен 80 пайыз чегарабызды тактап алганбыз. Бирок арасынан 60га жакын жерди позицияларыбыз келишпегендиктен сүйлөшүүлөрдү ошол боюнча улантып жатабыз. Ал эми Тажикстан менен болсо азыр 500гө жакын километр жердеги чегарабызды тактап алдык. Эми 400дөн бир аз ашыгыраак болгон чегараны тактоо милдети алдыбызда турат. Биз менен коңшулаш төрт мамлекеттин арасында чегара маселесин чечүү дагы эле абдан актуалдуу маселелердин катарына кирип жатат.
- Ошол маселени Шанхай уюмунун чегинде чечсе болобу?
- Чегара маселесинин өзгөчөлүгү ушундай экен, азыркы чечиле элек маселелерди Өзбекстан менен Тажикстан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында эле чечиле тургандай болуп атат. Кытай менен болгон биздин төрт тарап бир, Кытай тарап бир болуп сүйлөшүү дүйнөлүк практикада биринчи жолу жана мүмкүн акыркы жолу да болгон саясаттагы чоң окуя катары бааланса болот. Анүчүн мурдагы Советтер cоюзунун алкагындагы төрт республика өзүнчө эгемендүү мамлекет болуп, Советтер cоюзунун мураскери катары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мажбур болгондугу, ошол эле учурда болгон документ, материалдар жана даярдалган адистер Москвага топтолуп калгандыгы жанагыдай Шанхай бешилтигинин алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө алып келгендиги бул чындык.
- Маегиңизге ырахмат.