АБДУЛЛАХ ГҮЛ ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШИ МҮМКҮН

Аким Өзгөн Түркиянын тышкы иштер министири Абдуллах Гүл дүйшөмбү күнү парламентте өлкөнүн президенти болуш үчүн керек болгон колдоону таба албады. Ошондой болсо дагы, серепчилердин баамында Гүл мырза, эгерде башкача күтүлбөгөн бир окуя орун албаса, үчүнчү айлампада баары бир президент болуп жарыяланышы күтүлөт.
Абдуллах Гүл эгерде президенттик шайлоолордун 24- август жума күнү өткөрүлүүчү 2-айлампасында дагы 367 депутаттын, мындайча айтканда үчтөн эки көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албаса, 28-августта 3- айлампада жөнөкөй көпчүлүктүн демек, аны жактап берилүүчү 276 депутаттын добушу менен өлкөнүн 11- президенти болуусу күтүлөт.

Учурдагы шарттардан алып караганда бул болуп бүткөн иштей көрүнгөн менен, көптөгөн батыштык серепчилер дагы түкшүмөлдөп жаткандай, негизги кыйынчылыктар дээрлик иштин мындан аркы бөлүгүндө жүзөгө чыга турган сыяктанат. Маалым болгондой, Гул мырза жазгы маалда да мамлекет башчылыгына көрсөтүлүп, оппозициядагы партиялардын кескин каршылыктары, күчтүү генералитеттин кайталанган кийлигишүүлөрү жана жүз миңдеген секулярист маанайдагы жарандардын байма-бай көчөлөргө чыгып Гүлдүн талапкердигине нааразылык билдирүүлөрүнөн соң ал шайлана албады жана ПМ Режеп Таййип Эрдогандын өкүмөтү шайлоолорду мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө аргасыз калды. Анын бактына жараша, башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү партиясы шайлоолордо добуштарын бир илгеркисине салыштырганда 12 пайызга көбөйтүү менен абдан ири жеңишке жетти.

Бул жеңишти бир чети, Абдуллах Гүлдүн президенттикке талапкердигине карата элдин колдоосу катары жоруган АК Партия аны дагы бир жолу сунуштады. Башкы оппозициялык партия ЖХП добушка койууларга дагы бир жолу бойкот жасаган менен, парламенттеги орундарынын санынан алып караганда алардын бул аракетинен эч кандай бир майнап чыкпай турганы күн мурунтан эле белгилүү болчу.

Гүл мырза талапкердиги ырасмий түрдө белгилүү болору менен бирге, бардык партиялардын, жарандык уюмдардын жана бизнес чөйрөлөрүнүн лидерлери менен көрүшүп, эгерде президент болуп шайланса, өлкөнүн бардык жарандарына бирдей кучагын ачаарын, өлкөнүн секулярдуу-лаик системасын көзүнүн карегиндей коргоорун жана мамлекеттин башкы мекемелеринин ортосундо гармониялуу мамилелерди орнотуу маселесине баштапкы артыкчылыкты берерин убада кылды. Парламенттеги президенттик шайлоолорго бойкот жасоону чечкен Жумуруят Калк Партиясы Абдулла Гүл президент болгон абалда өлкөнүн секулярдуу лаик принциптерин, анын ичинде мамлекеттик мекемелерде жана окуу жайларында турбан аталган жоолук тагынууга салынган тыйууну аста секин жойуп салаарынан күмөн санаганын баяндады. ЖХП ошол эле кезде, президент боло турган Мырза Гүлдүн чет элдерге боло турган саякаттарына жана ал уюштура турган банкеттерге да бойкот жасаарын билдирди.

Апрел айында эки жолу өкүмөттүн дарегине эскертүү жасаган армиянын штабынын төрагасы Генерал Яшар Бүйүканыт аздыр-көптүр доошун пасайтып, Абдуллах Гүлдүн президенттиги менен чатагы болбостугун айтты. Бирок ал ошол эле кезде, президенттин жоолук тагынган аялынын аскерии серемония жана жөрөлгөлөргө катышуусун каалабай турганынын четин чыгарды. Кыскасы, Лондондо чыгуучу Times гезитинде жазылгандай, эчактан бери Европа менен Азия тогошкон жерде ача жол болуп келген Түркиянын өзү эми ача жолдун үстүндө турат. “Түркиянын армиясы”- деп улантат гезит -“Абдуллах Гүлдүн президенттике шайланаары баары бир боло турган факты экенине тике кароосу зарыл”.