ИРАН МЕНЕН МАГАТЭ ТИЛ ТАБЫШТЫ

Иран жана МАГАТЭ Тегерандагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаганын жарыялашты. Тараптар эки айдын аралыгында Ирандын ядролук программасына байланыштуу талаштуу бардык маселелердин башын ачмай болушту. МАГАТЭнин өкүлү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын маанилүү окуя катары баалады. Бирок АКШ жетишилген макулдашууну жетишсиз деп атады.
Тегерандагы сүйлөшүүлөр эки күнгө созулду. Анын жыйынтыгын жарыялап, МАГАТЭнин башдиректорунун орунбасары Олли Хейнонен тараптар Иран менен агенттик ортосундагы макулдашуунун түпкү негиздери боюнча долбоор түзүүгө жетишкенин маалымдады.

“Эми бизде макулдашылган иш план бар, - деп айтты ал Тегерандагы маалымат жыйынында. – Аны кантип аткаруу жагын макулдаштык, мөөнөтүн аныктадык. Маселенин майда-баратын,алдыдагы иштерди тактап,көп убакыт короттук”.

Хейнонен сүйлөшүүлөр жакшы жана иштиктүү маанайда өткөнүн белгилеп,жетишилген макулдашууну “маанилүү окуя” деп атады. МАГАТЭнин өкүлү иш планды жүзөгө ашыруу үчүн убакыт керектигин да эскертип өттү.

Ирандын өкүлү Жавад Ваиди өз кезегинде иш пландын мөөнөтү Тегерандын атомдук программасына байланыштуу пайда болгон бардык суроолорго ачык-айкын жооп берүү максатында макулдашылгандыгын кошумчалады. “Жетишилген макулдашуу өтө конкреттүү процесске айлана алат”, - деп айтты ал.

АКШнын мамлекеттик департаменти тараптардын макулдашуусун жалпысынан кубаттады. Ошол эле учурда аны “жетишсиз” деп баалады. МАГАТЭнин бул аракети Иранды Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясында белгиленген милдеттерди кыйшаюусуз аткарганга мажбур кыларына мамдепартамент анчейин ишене бербейт. Тегеран эл аралык коомчулуктун талабын таңазар албаганын эске салып, мамдепартаменттин өкүлү Гонсало Галегос Коопсуздук Кеңешин Иранга каршы колдон келишинче эртерээк кошумча жазаналарды жарыялоого чакырды.

МАГАТЭнин өкүлү Хейнонен жетишилген макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча иштер жакынкы күндөрдө башталарын, агенттиктин инспекторлору ушул айдын этегинде, андан соң сентябрда жана октябрда тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрөрүн билдирди. Макулдашуунун биротоло такталган тексти эмдиги айдын башында жарыя кылынат.