28-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

28-августта хорунжий Берг казак орустар менен Пржевальскиге келаткан кыргыздарды тыптыйпыл талкалаган. 2003-жылдын бул күнү дүйнө кыргыздарынын II Курултайы ишин баштады.
Падышачылык Россиянын Пржевальск шаардык бийлигине 1916-жылдын 26-августунда кыргыздардын жоон топ колу шаарга келаткандыгы туурасында телеграмма түшкөн. 28-августта хорунжий Берг казак-орустарды баштап аларды утурлай чыгып, кыргыздарды тыптыйпыл талкалаган. «Семиреченская жизнь» гезитинин жазганына караганда, хорунжий Берг «800 чамалуу жанкечтилерди кырып, көп сандаган жандыктарды тартып алган».

Пишпек уезддик начальниги 1916-жылдын бул күнү, тоолуу аймактагы болуштуктардын козголоңу басаңдаганы туурасында атчандар полицейскийлердин стражниги Хмыров менен ага көзөмөлчү Савенковдордон билдирүү алды. Алардын кабарлоосуна ылайык Жумгал, Каракече, Курманкожо, Кочкор жана Абайылда болуштуктарында кырдаал турукташкан.

Колго түшкөн козголоңчулардын көрсөтмөсүнө ылайык аларга түрк генералы жана эки европалык адам жетекчилик кылган. Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитети 1938-жылы айтылуу археолог А. Н. Бернштамдын ахеологиялык экспедициясын каржылоо туурасында чечим чыгарган. А. Н. Бернштамдын ахеологиялык экспедициясы орто кылымдагы Баласагун шаары жайгашкан Бурана тарыхый эстелигинде казуу иштерин жүргүзмөк. Илим комитети изилдөө иштер үчүн 20 миң рубль акча бөлгөн.

Илим комитетинин ушул эле күнкү чечимине ылайык, Ысык көлдөгү айтылуу саякатчы Н. М. Пржевальскийдин эстелигин реставрациялоо иши үчүн 10 миң рубль акча каражат берилген.

Дүйнө кыргыздарынын II Курултайы 2003-жылдын 28-август күнү ишин баштады. Курултайга 25 өлкөдө жашаган этникалык кыргыз топторунун 150 өкүлү чакырылып, алар бир эле убакта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына дал келген майрамдык салтанатка күбө болушту.

Бул күнү, 1619-жылы улуу француз финансисти Жан Батист Кольбер, 1925-жылы атактуу жазуучу-фантаст Аркадий Стругацкий, 1938-жылы айтылуу жазуучу, бир канча китептердин автору Асанбек Стамов, 1948-жылы атактуу совет актёру Наталья Гундарева жарык дүйнөгө келген.