А. БЕКНАЗАРОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА, АКСЫ ОКУЯСЫ - ПАРЛАМЕНТТЕ БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ КАРАЛАТ

Каникулдан кайтып келген кыргыз парламенти өлкөдө конституциялык реформаларды улантуу үчүн бир топ мыйзам долбоорлорун карап баштайт. Ошондой эле депутат Дооронбек Садырбаев баштаган депутаттык комиссия Аксы окуясы боюнча жүргүзгөн иликтөө дагы парламентте биринчи он күндүктө карала турган орчундуу маселе болуп саналат. Бул жөнүндө «Асаба» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» таңкы уктурууларында сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.
- Бүгүн Жогорку Кеңеш алтынчы сессиясын баштаганы турат. Бул сессияда башкы көңүл конституциялык реформага бурулары болжолдонууда. Премьер- министр Алмаз Атамбаевдин жетекчилиги астында иштелип чыккан Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүлөрдүн парламенттеги тагдырын кандай элестетип жатасыз?

- Мен ойлойм президент дагы, жумушчу топтун башчысы Алмаз Атамбаев дагы бул боюнча жайы менен бир топ иштерди аткарган болуш керек деп. Маселе Жогорку Кеңешке келип такалат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын негизги милдети катары, мен башта айтып өткөндөй, конституциялык реформаларды улантып, Конституцияга ылайык келтире турган бир топ мыйзамдарды сөзсүз түрдө алты айдын ичинде карап чыгуу керек. Конституциялык реформаларды жүргүзүү боюнча бир топ мыйзам долбоорлор июнь айынын күн тартибинде турган. Мына ошондон баштайт болушубуз керек.

- Азимбек мырза, сиздин кесиптешиңиз, депутат Султан Урманаевге айып тагуунун чоо-жайын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия төрагасы депутат Дооронбек Садырбаев бүгүн парламентте "бомба жардырам" деп билдирди. Сиздин кабарыңыз барбы, бул боюнча комиссиянын жыйынтыгы менен сиз таанышсыз да?

- Менин кабарым бар. Мен комиссиянын мүчөсү эмесмин, бирок Аксы округунун депутаты катары бир топ материалдар, менин өзүмө байланыштуу дагы бир топ материалдар керек болгон экен, менден талап кылган комиссиянын төрагасы Дооронбек Садырбаев. Менден сураган документтердин бардыгын бердим. Бомба жарылабы, бомба жарылбайбы, бирок ал комиссиянын жетекчиси болгондон кийин ошол маселе боюнча сөзсүз түрдө сентябрь айынын биринчи он күндүгүндө билдирүү жасаш керек. Менин күмөнүм жок, ал киши акыйкат, адилет түрдө, болгонун болгондой комиссия жыйнаган документтердин негизинде сөзсүз билдирүү берет. Менин угушума караганда Дооронбек Садырбаевдин билдирүүсүнүн кереги жок, мүмкүн Башкы прокуратура Урманаевге тагылган айыптарды чакырып алат дегендей да сөз болуп атат. Бирок ага карабастан биз депутаттар сөзсүз түрдө бул комиссиянын ишинин жыйынтыгын угушубуз керек.

- Азимбек мырза, аксылык жабырлануучулар күздө Аксы-Бишкек жолуна жөө жүрүшкө чыгабыз деп өздөрүнүн нааразылыктарын өткөндө билдирди эле. Бирок жакында баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев отпускага чыгып алып аксылыктарга жолугуп келбедиби. Бул боюнча сиздин кабарыңыз бар. Бул жолугушуу бир нерсени өзгөртө алдыбы, сиз канаттандыңызбы баш прокурордун аксылыктарга берген маалыматына?

- Башкы прокурор барды, менин жардамчым да бирге катышып келди. Бирок мурда башкы прокурор билдирген эле, мисалы ошол жердеги мурдагы аким Осмоновдун, милициянын начальниги Кулуевдин, бир топ чиновниктердин үстүнөн кылмыш иши кыскартылып калган деп. Бирок ошол жерге барганда алар кыскарылган жок, аларды өзүнчө тергейбиз деп аксылыктардын алдына убада бериптир. Аксылыктардын талабы ушундай эмес беле, кантип аким ошол жерде жолубузду тосуп, команда берип аттырып атса, анын үстүнөн ишти кыскартып койду, ушулар да жоопко тартылсын деген талап койгон эле. Иштин жыйынтыгы, анан Дооронбек Садырбаев иликтеген комиссиянын жыйынтыгына жараша чечим алабыз деп турушат азырынча аксылыктар.

- Сиз андан кийин Элмурза Сатыбалдиев менен жолуктуңузбу?

- Ооба мен жолуктум. Мен ага эмне десем, аксылыктар да талап кылды, азыр биз 4-5нүн үстүнөн ишти сотко өткөрүп атабыз, калганын тергеп бүтүргөндө күнөөлөрү далилденсе, өткөрөбүз деп айтышты алар.

- Маегиңизге чоң ырахмат.