С.ЛАВРОВ: РОССИЯ КООПСУЗДУК МАСЕЛЕСИНДЕ СООДАЛАШПАЙТ

Улуттук коопсуздукка коркунуч түзгөн маселелерде Россия соодалашпайт жана эч кандай мунасага барбайт, деп билдирди орус тышкы иштер министри Сергей Лавров МГИМОдо сүйлөгөн сөзүндө. Мындай маселелердин катарында ал АКШнын ракетадан коргонуу системасынын айрым элементтерин Европага жайгаштырууга жана Косовонун статусуна байланыштуу проблемаларды атады.
МГИМОдо – Москвадагы мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда жаңы окуу жылынын башталышында атайын лекция окуп,орус тышкы иштер министри Сергей Лавров коопсуздук баарыдан мурда жана түбү барып дүйнөдөгү теңдемдин сакталышына жараша болорун келечектеги дипломаттар менен саясий чиновниктердин эсине салды. “Эл аралык мамилелердеги теңдемдин бир гана формуласы бар, - деп айтты Лавров. – Бул - тынчтыкта жанаша жашоо,эл аралык укуктардын,коллективдүү коопсуздуктун сакталышына ишенүү,ошондой эле чыр-чатактарды саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салуу. Негизги бу принциптер Улуттар Уюмунун уставында каралган. Россия дүйнөлүк иштерде өзүнүн теңдемчилик ролун уланта берет. Россия кимдир бирөөгө каршы багытталган эч кандай жаңы ыйык союздарга кирбейт”.

Россиянын теңдемчилик ролунун бир бөлүгү катары Лавров АКШнын ракетадан коргонуу системасына жана Косовонун статусуна байланышкан эки маселени атап, аларды аттап өтүүгө болбой турган “кызыл сызык” катары көрсөттү.

Россия менен анын союздашы Сербия Косового эл аралык көзөмөлдөгү көз карандысыздык берүү тууралуу Улуттар Уюмунун планын карманча четке кагып жатышат.Москва ошондой эле Польшада жана Чехияда АКШнын антиракеталык элементтерин жайгаштырууга да каршылыгын дамамат билдирип келатат.

Орус министри евроатлантика жамаатын бул эки маселени биргелешип чечүүгө чакырды. АКШ, Евросоюз жана Россия үч тараптуу өз ара орток пикирге келсе, мунун өзү Косово менен ракетадан коргонуу маселесинин чечилишине да пайдалуу болмок, деп белгиледи Лавров.

Орус министри мындан тышкары экинчи бир “үчкүлдө” – Россия-Индия-Кытай тутумунда Москванын мамилелери тереңдеп, Ислам Конференция уюму, Арап мамлекеттер лигасы,Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу аймактык топтор менен кызматташтык күч алып баратканын кошумчалады. Дүйнөдө жаңы коркунучтар пайда болгонун, аларга каршы бир да өлкө өз бетинче майнаптуу күрөшө албай турганын айтып, орус министри бу проблемаларда жалпы дүйнөнүн жарнакташкан аракети керектигин белгиледи. Немец канцлери Ангела Меркелдин “өз ара ишенимди чыңдоого ондогон жылдар кетет, бирок аны бир эле саатта бузуп салса болот” деп айткан сөзүн келтирип, Лавров бу пикирге толук кошуларын билдирди.