ПХЕНЬЯН МЕНЕН ВАШИНГТОН ЯДРОЛУК КРИЗИСТИ “ЧЕЧИШТИ”

Төрөкул Дооров, Прага Түндүк Корея жыл аягына чейин өзүнүн өзөктүк программасынан толугу менен баш тартууга макул болгон өңдүү. Женевада АКШ менен өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, бул жөнүндө атайын келишимге кол коюлганы жарыя кылынды.
Кошмо Штаттардын Мамкатчысынын жардамчысы Кристофер Хилл Түндүк Корея менен жүргөн сүйлөшүүлөрдө америкалык делегацияны жетектейт. Жейшембиде, 2-сентябрь күнү, Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн соңунда ал төмөндөгүдөй билдирүү жасады.

- Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программалары жөнүндө толук маалыматты ачыкка чыгарат жана өзөктүк аракеттерин ушул жылдын этегине чейин толугу менен токтотот.

Хиллдин айтымында, мындай мунаса эки күнгө созулган талкуудан кийин табылды. Ал ошол сүйлөшүүлөрдү “өтө жакшы жана натыйжалуу сүйлөшүү болду” деп атады.

Бул өңдүү келишим жетишилгенин сүйлөшүүлөрдөгү Түндүк Кореянын өкүлү Ким Гие Гуан да ырастады, бирок эч кандай мөөнөттөр белгиленгени тууралуу айткан жок.

- Биз АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы көптөгөн маселелер боюнча келише алдык. Ушундай тынч сүйлөшүүлөр өткөнүнө биз аябай кубанып турабыз. Ошондой эле, биз ядролук аракеттерибизден толугу менен баш тартууга ниетибиз бар экенин ачык билдирдик.

Эми Пхеньян чын эле азыр айтып аткан убадасына туруп, өзөктүк жааттагы ишин токтотсо, балким, соңку беш жылдан бери уланып келаткан “Түндүк Корея ядролук кризиси” чечилээр. Бирок Британиядагы Лидс университетинин Түндүк Корея боюнча эксперти Айдан Фостер Картер буга анча ишенбей турганын айтат. “Биринчиден, сүйлөшүүлөрдөгү америкалык өкүл анча ишенимсиз нерселерди деле апырта бере турган адаты бар. Экинчиден, Түндүк Корея көп учурда убадасынан тайып жүргөнү менен белгилүү”, - деди Картер, биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып.

- Мен бул жаңылыкты уккандан кийин, оордумдан тура кабыл кубанган жокмун, аны жай эле кабыл алдым. Анткени, биринчиден, биз жаңылыкты кимден угуп жатабыз? Мен түшүнгөндөн биз бул кабарды америкалыктардан, алардын делегация башчысы Кристофер Хилдден уктук. Мен аны аябай сыйлайм, ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө аябай тажрыйбалуу киши. Дал ушул киши ишти алдыга жылдыра алды деңизчи. Бирок ал көбүнчө ишенимсиз нерселерди деле көбүртүп-жабырта бере турган жайы бар. Ал кээде Түндүк Кореялыктар менен сүйлөшүш аябай оор экенин айтып жатканы менен, бул баары бир анын стилинин бир бөлүгү. Эгер чын эле анын айтканы оордунан чыгып, Пхеньян ядролук програмасынан баш тартканы чын болуп калса, албетте, жакшы болмок. Бирок биз аны күтө турушубуз керек го, - дейт британиялык эксперт Картер.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри дүйшөмбүдө билдиргендей, Пхеньян азыр эми ядролук программасы боюнча ымалага келгендиктен, Вашингтон аны “терроризмди каржылык жактан колдойт” деген мамлекеттердин тизмесинен чыгарышы керек.