6-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1916-жылкы боштондук көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун кыргыздары 6-сентябрда Кара сайдан өтүп, Чоң тоо алдына келип өргүүгө турган. 1999-жылдын 6-сентябрында Өзбекстан Баткен районунун ичиндеги Сох анклавына кубаттуу аскер күчтөрүн тартып баштады.
1916-жылкы боштондук көтөрүлүштөн жеңилип, орус аскерлеринен качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн адам 6-сентябрда Кара сайдан өтүп, Чоң тоо алдына келип өргүүгө турган.

Түркстан АССР Советинин VIII съезди 1919-жылдын бу күнү ишин баштады.

Өзбекстан өлкөсү 1999-жылдын 6-сентябрында Баткен районунун ичиндеги Сох анклавына кубаттуу аскер күчтөрүн тартып баштады. Өзбек аскерлери бронежилет кийип, БТР жана башка аскер техникалары менен жабдылган.

Ушул эле күнү Баткен районунунда жалпы курамы 900-1000 чамалуу адамдан турган 48 өзүн-өзү коргоочу отряддар уюшулду. Өзүн-өзү коргоочу отряд мурдагы афган согушуна катышкандар, жергиликтүү менгенчилер жана спортсмендерден куралып, аларга 200 автомат берилген. Кырдаалга жараша Баткенде түнкү 23төн, таңкы 6га чейин транспорт жүрүшүн чектеген коменданттык саат киргизилди.


Фрунзе шаарынын партиялык, советтик жана профсоюздук уюмдары 1947-жылдын 6-сентябрында Москва шаарынын 800 жылдыгын зор салтанат менен белгилешти. Жыйын соңунда «көсөм жолбашчы Сталинге» арналган Аалы Токомбаевдин сөзүнө жазылган кайрылуу кабыл алынды.

2005-жылдын бу күнү президент К. Бакиев Кыргызстанда орун алган чет өлкөлүк аскер күчтөрү туурасында билдирүү жасады. Алардын биринчиси, «Манас» аэропортунда орун алган АКШ аскер күчтөрүнө арналып, ал АКШ аскер базасынын Кыргызстанда калтырылыш маселеси кыргыз-америкалык мамилеге байланыштуу экендигин билдирди.

Экинчи маселе, Кытай Элдик Республикасынын аскер күчтөрүнүн Кыргызстанда жайгашына арналып, ал мындай суроо эки тарап тарабынан тең көтөрүлбөгөндүгүн кабарлады.

Бу күнү 1852-жылы Британиянын Манчестер шаарында биринчи акысыз китепкана ачылып, 1873-жылы Хива хандыгы Россия империясынын курамына алынып, 1991-жылы Чеченстан эгемендигин жар салып, 1766-жылы англис физиги, дальтонизмди сүрөттөп жазган Джон Дальтон, 1797-жылы орус этнографы Иван Вениаминов, 1876-жылы канадалык физиолог, Нобель сыйлыгынын лауреаты, инсулин дарысын ачкан Джон Маклеод, 1891-жылы орус тарыхчысы Александр Габричевский жарык дүйнөгө келсе, 1987-жылы акын, жазуучу Медетбек Сейталиев жарык дүйнө менен кош айтышкан.