МАРГАЛАҢДЫН 2000 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КЫРГЫЗСТАН ЧАКЫРЫЛГАН ЖОК

7-сентябрда Өзбекстандын Маргалан шааары өзүнүн 2000 жылдык мааракесин белгилемекчи. Ага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан, айрыкча Борбор Азия мамлекеттеринен атайын өкүлдөр чакырылган. Тилекке каршы, бизге жеткен маалыматка караганда, Фергана өрөөнүндө жайланышкан Кыргызстандын облустарынын жана шаарларынын бир да жетекчиси иш-чарага чакырылган жок.
Маргалан шаарынын 2000 жылдыгы 7-сентябрда белгиленээри Фергана өрөөнүндө жайгашкан Кыргызстан жана Өзбекстан облустарынын башчыларынын үстүбүздөгү жылдын 7-июлундагы саммитинде айтылган. Азыр бул маалыматтын жөндүүлүгүн Маргалан шаарынын мэри Насибулло Рахматуллаев да тастыктады. Анын кошумчалоосуна караганда, маараке түштөн кийин башталып, ага Өзбекстандын президенти Ислам Каримов катышуусу күтүлүүдө.

Фергана саммитинин демилгечиси, Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиев, Ош шаар мэри Жумадыл Исаков Маргаландын мааракесине чакыруу кагазы келбегендигин, ошондуктан, барбай турушкандыгын билдиришти.

- Биздин меймандостугубуз, бири-бирибизге карым-катнашыбыз мындан ары дагы тыгыз байланышта болот деген жеке пикирим бар. Маргаландык туугандарды шаарынын 2000 жылдык чоң юбилейи менен, Маргалан шаарына ийгиликтерди, анын жарандарына тынччылыкты, бейпилдикти каалайм, - деп ара чородо Жантөрө Сатыбалдиев коңшуларына дувай салам жолдоду.

Кыргызстандын чек арасын бузуп өткөн адамдардын бир нечесин кепке тартсак, алардын үчөө маргаландык экенин туйдурушту.

Бирөөсү «Азаттыкка» маегинде Өзбекстанда, анын ичинде Маргаланда жашоо кыйындыгын, чоңдор муну көрүп-билип турса да унчугушпагандыгын, анткени, Каримов режими катуулугун, каяша айтаса камалып кетээрин айтып бушайманга салышты:

- Маргаланда жашоо кыйын. Ал жактагы элди кармап, Каримов келет деп чыгарбай жатышат, - деди Айша апа.

Антсе да Маргалан мэри Насибулла Рахматуллаев:
- Катнашбаганыбыз уят. Мындан ары алаканы күчөтсөк жашообуз жакшырат деген үмүттөмүн. Себеби бир өрөөндө жашайбыз, көрөөр күнүбүз бир, тиричилигибиз окшош, - деп чочулагандарды басаңдатканга аракет жасады.

Маргаландан Ошту карай агылгандардын асты шаарга коменданттык саат киргизилгендигин, президент Ислам Каримовдун расмий сапарына байланыштуу милиция, чекисттер, аскер күчтөрү кыргыз-өзбек чек арасын кайтарууну күчөткөндүгүн маалымдашты.