НАНДЫН КЫМБАТТАШЫ ТАЖИКСТАНДЫ КЫЖААЛАТКА САЛДЫ

Нандын жана ундун кымбаттоосу кошуна Тажикстанды да кыйгап өткөн жок.Акыркы айлардын ичинде ундун баасы кеминде 50 процентке кымбаттады.
Ыйык Орозо айына ун алуу үчүн базарга барган адамдардын кыйласы баалардын кескин көтөрүлгөнүнө нааразы болуп, үйгө куру кол кайтып жатышты. Акчасы жетип, сатып ала алгандар болсо 50 килограммдык бир кап унга 120 тажик сомун, башкача айтканда, кеминде 35 доллардан төлөп жатышты. Мындан бир жума эле мурда бир кап ун кеминде 25 доллардан турчу, ал эми бир ай мурда болсо бир кап унга 16 доллар гана төлөнчү. Базарлар менен дүкөндөрдө сатылып жаткан нандын баасы да кымбаттады, азыр жапкан нандын бир даанасы бир жарым тажик сомго барды, доллардын кеминде 45 центине барат.Мурда бир жапкан нан үчүн кеминде 20 дирам, же 7 цент төлөнчү.

10-сентябрда Тажикстанда майрам болгондуктан, биздин кабарчылар ундун кымбатоосуна бийликтен комментарий ала алышкан эмес, бирок Душанбенин Сафарийон базарында нан саткан соодагер Тажикстан унду Казакстандан алаарын айткан:

-Казакстан эгиндин жана ундун баасын капилеттен эле көтөрүп жиберди, Тажикстанда нан ошон үчүн кымбаттады. Бирок кудайга шүгүр, Казакстанда дандын запастары мол, ошон үчүн азыр ун менен нан жетиштүү. Октябрь айында оруп- жыйуу бүткөн чакта баалар турукташаар,- дейт өзүн Шарифов деп атаган тажик соодагери.

Ал эми Fergana.RU Интернет сайтынын маалымдаганына караганда, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги өкмөт атайын комиссия түзүп, ундун баасы эмне себептен кымбаттаганын териштирип жатат. Ошону менен бирге эле бийликтер дандын баасы бүткүл дүйнөдө кымбаттаганын, эгиндин 60 процентин импорттогон Тажикстанды бул проблема кыйгап өтпөсүн кошумчалашты.

Борбор Азияны эгин менен негизинен Казакстан камсыз кылат. Эгин өсүмдүктөрү башка республикаларда дагы өстүрүлөт, бирок бул культура кирешелүү эмес болгондуктан, эгин аянттары кыскарып баратат. Анын үстүнө Борбор Азиянын наабайчылары Казакстандын буудайынын катуу сортторунан өндүрүлгөн унду жакшы көрүшөт.

Кыргызстанды алсак, жергиликтүү дыйкандар өстүргөн эгиндин басымдуу бөлүгү тойутка пайдаланылат.

Көптөгөн үй бүлөлөрдө негизги азык нан болгондуктан, анын кымбатташы социалдык абалды ого бетер курчутту. Казакстан эгиндин баасын кымбаттатып жибергендиктен, абалды турукташтырууда Россиянын ролу чоң болуп калышы ажеп эмес. Айрым серепчилер Россия түзүлгөн жагдайдан пайдаланып, Борбор Азиядагы позицияларын бекемдеп алышы мүмкүн деп жатышат.

11- сентябрда "Независимая газетада" жарык көргөн макаласында журналист Виктория Панфилова: "100 миллион киши калкы бар Борбор Азия Россиянын компаниялары үчүн жакшы рынок. Ал жерде түзүлгөн абалды өз кызыкчылыгында пайдаланып калуу үчүн Россиянын бийликтеринен шамдагай аракеттер талап кылынат",- деп жазды.

Баян Жумакадыр кызы, Прага