Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын аскерий төбөлдөрү дүйнөдө эң кубаттуу вакуумдук бомба жасашканы туурасында маалымат таркатышты.Жаңы куралды кантип сыноодон өткөрүшкөнүн шейшемби күнү мамлекеттик Биринчи канал тартып көргөзгөн.Аскерий төбөлдөр айтканга караганда учактык бомба эффективдүүлүгү жагынан алганда ядролук куралдын күчүнө тете келет. Бирок жаңы куралдын азыркы тушта ырасмий аталышы жок экен.
Орусияда вакуум бомба б.а. жаңы түрдөгү курал сыналды. Орусиянын генералдык штабынын башчысына орун басар Александр Рукшин айтканга караганда ал куралдын кубаты ядролук бомбага барабар.
Журналисттер тапкан маалыматта орусиялык жаңы бомба тийген жердин тегерегинен 300 чарчы метр жердеги кыбыр эткен жандын бири да тирүү калбай күйүп жок болушат. Америкалык вакуумдук бомба тийген жерден 150 гана чарчы метр айлана тыйпыл болуучу эле дешет.
Вакуумдук бомбанын башка бомбадан айырмасы – бутанын үстүндөгү аваны өтө тез от алчу зат менен каныктырып туруп жардырылат экен. Ошол себептен кубаты радиоактивдүү же химиялык куралга чукулдап барганы менен чөйрө булганбайт дешет
Авадан чабуул жасоону чагылдуучу «Jane’s Air-Launched Weapons» (жейнс айр-ланчед вепонс) журналдын редактору Роберт Хьюсон орусиялык жаңы бомбага берген баасында мындай деп белгилейт:
«Бул барийдин (химиялык элемент - ММ )ысыктыкты бөлүп чыгаруусунан улам өзгөчө күчтүү жарылууну пайда кылышына окшойт. Бул ошондой эле орусиялык адистер мурунку мууну жасаган курал сыяктанат. Мындай куралды мурда Ооганстанда жана Чеченстанда пайдалануу болгон. Учак менен жеткирилип авадан ташталуучу бул бомба биз мурда көрүп жүргөн куралдардын күчүнөн кыйла өйдө дешке татыйт».
Анализчилер оозундагы кепте болсо вакуумдук бомбасын жарыялоо Кремлдин дүйнө жүзүнө өзүнүн кудурети кыйла бар экенин билдирип коюу үчүн жасалып атат.
Орусиялык жетекчинин батыш менен оту күйүшпөй калган учурдан тартып, так айтканда, Вашингтондун Борбордук Европага авадан болуучу чабуулдан коргонуу системасын куруу кебинен улам чыккан тетири карашуудан кийин Маскөө «кансыз согуш» кезиндеги адатка кайра тартты. Анын бир мисалы 1992-жылдан тартап тыйылып турган, бомба таштоочу стартегиялык Ту-160 жана Ту-95 учактарын август айынын жакасынан тартып ава мейкиндигине көтөрүп, чегара алкагында дайыма учуп күзөттө ишин башташы дешет.
Президент Владимир Путин эл алдында армиябыз кайра жаралуу жолунда ага каражатты аябайлы деп келет. Маселен, былтыр 25-октябрде журналисттер менен болгон кезектеги маектешүүсүндө 2000-жылдан 2005-06-жылдар ортосунда армияны каржылоо үч жарым эсеге көбөйтүлдү деген.
Оорусиялык аскерий жетекчилер сыноодон өткөргөн куралын америкалыктар вакуумдук куралын «бардык бомбанын апасы» деген бейрасмий атын туурап «бардык бомабанын атасы» дей башташкан.