КЫРГЫЗСТАН-ТАЖИКСТАН: КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ЧЕКТЕРИНЕ КАРАЙ

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Өкмөт үйүндө алгач президенттер тар чөйрөдө, андан кийин кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча президенттер биргелешкен билдирүүгө, андан сырткары бир катар министрликтер ортосунда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.
Газ жана мунайы аз, бирок суу жана гидроэнергетикалык ресурсу бай Кыргызстан менен Тажикстан кошуналар менен мамилеси, социалдык-экономикалык абалы боюнча окшоштукка ээ. Эки өлкөнүн тең миллионго жакын атуулдары Россияда эмгек миграциясында жүрөт. Эки өлкө тең гидроэнергетикалык ресурстарын пайдаланууга аракеттенип жатат. Албетте, бул жагынан Тажикстан бир аз алдыга кетип, Иран анда жаңы ГЭСтерди курууну башташты.

Бирок Россия менен Рогун ГЭСин куруу үзгүлтүккө учурап отурат. Буга Өзбекстандын таасири бар деген ойлор айтылып келатат. Белгилүү болгондой өзбек президенти Ислам Каримов Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкектеги саммитинде суу башындагы өлкөлөрдүн «өзүм билемдигине» кескин келишпестигин билдирген эле.

Кыргызстан да Россиянын көмөгү менен Камбарата ГЭСтерин курууга ниеттенүүдө. Ошондуктан эки өлкөнүн президенттери Бишкектеги сүйлөшүүдө энергетика тармагында кызматташуу маселесин да талкуулашты.

Кыргызстан менен Тажикстан чече турган негизги маселелердин бири бул чек араларды делимитациялоо. Бул иштин абалы тууралуу президент Курманбек Бакиев сүйлөшүүлөр соңунан кийин буларды белгиледи:

-Биз ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдө алга жылуулар бар экенин белгиледик. Биздин пикир боюнча, сүйлөшүүлөр конструктивдүү мүнөздө жүрүп жатат. Азыркы күнгө карай чек аранын жарымы делимитацияланды.

Тажик президенти да чек ара маселесин сүйлөшүү менен чечүүнү жактаарын белгиледи. Эмомали Рахмон Курманбек Бакиевге бейформал түрдө ылдам-ылдам жолугушуп, болгон маселелерди талкуулап чечүүнү сунуштаганын ачыктады:

-Мен тезирээк жолугушуп турууну сунуштадым. Сөзсүз эле расмий түрдө эмес, жумушчу түрдө борбордо, чектеш райондордо же башка жерлерде жолугушуп туралы дедим. Бул эки тараптуу кызматташууларды бардык багыттар боюнча өнүктүрүү, ал үчүн жаңы дем берүү үчүн, пайда болгон айрым маселелерди чечүү үчүн керек.

Эки президенттин сөзүнө караганда, алар эки өлкөнүн ортосунда сооданы көбөйтүү, маданият, энергетика, чек ара багытында кызматташууларды өнүктүрүү, өкмөттөр аралык комиссиянын ишин күчөтүү боюнча орток пикирге келишти. Мына ушундай сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча, эки президент биргелешкен билдирүүгө кол койду. Андан сырткары өз ара кызматташуу боюнча маданият министрлери, тарыхый мекенине көчүп келүү ишин жөнгө салуу жана кайрылмандардын укугун коргоо боюнча өкмөттөр ортосунда, айыл чарба министрлери агроөнөржай тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Эки президент тең сүйлөшүүлөрдүн расмий бөлүгүнүн соңунда расмий сапардын жыйынтыгына канааттанганын билдиришти.