ПРЕЗИДЕНТ ЖЕКЕ БИЙЛИГИН ОРНОТУУ ҮЧҮН РЕФОРМА ЖАСАП ЖАТАБЫ?

Бурулкан Турдубек кызы Парламент бүгүн Конституциянын жаңы редакциясын талкуулады, бирок токтом кабыл алууну зарыл деп эсептеген жок. Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар президент Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын азайтып, өзүнүкүн көбөйтүп алды деп сындашты.
Депутат Өмүрбек Бабанов долбоордо чыр-чатакка алып бара турган жагдайлар көп, алардын ана башы дал ушул ыйгарым укуктарда турат деп эсептеди:

- Бул жерде конфликттүү маселелер өтө чоң. Эң негизгиси, президенттин бийлигине чоң полномочие берилген. Парламенттин көп-көп укуктары алынган.

Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, президент жаңы долбоорго декабрь Конституциясындагы кошумча алты укуктун үстүнө дагы төрт укукту киргизген. Бекназаров мунун бир далили катары жергиликтүү кеңештер айыл өкмөт башчысын президент дайындаган акимдин сунушунун негизинде шайлаары, импичменттин депутаттык комиссиянын эмес, башкы прокурордун корутундусу боюнча жарыяланары, губернаторлорду, акимдерди президент өзү дайындаары жөнүндөгү жоболорду келтирди. Депутат мамлекеттик башка органдарды түзөөрү тууралуу жобону эң опурталдуу деп эсептейт:

- Өзүнө гана баш ийген мамлекеттик органдарды түзөт, жоет, жетекчилерин дайындайт, кызматтан бошотот дейт. А мамлекеттик органдар деп Конституцияда жазылып турбайбы, президент мыйзам чыгаруу органы, аткаруу органы, анан сот, акыйкатчы, эсеп палатасы деп өзүнчө жазылган. Анан ошондой эле президент башка мамлекеттик органды президент түзөт деп турат. Бул деген бир мамлекеттик кызматчы адамга бүтүндөй бир мамлекеттик органды түзө берет отуруп алып дегенди билдирет.

Долбоордун ушул өңүтүн эске алган депутат президент Бакиев 1998-жылкы Баш мыйзамды өлкөгө кайтарып келди дейт. Ушул өңдүү негиздерге таянган реформачылар Конституциянын жаңы редакциясы авторитардык башкарууга кайра алып барарын бөркүндөй көрүп турушат.

Депутат Эргеш Төрөбаев тескерисинче, азыркы саясий кырдаалда авторитардык башкарууну күчөтүү керек дейт:

-Авторитардык режимди күчөтпөсөк бири-бирибиз менен талашып, бөлүнүп-жарылып, экономика менен эмес, саясат менен алышып калдык. Ушунун баары айланып, ушул жыйынтыкка келди.

Декабрь Конституциясынын тарапкерлери болсо президенттин долбоорунан саясий кризистен чыгуунун жолун көрүшүүдө. Маселен, депутат Камчыбек Ташиев каршылашуу ноябрда башталгандыгын белгилеп, эми мамлекеттик башкаруунун милдетин президентке жүктөп, аны жайына коюуну эп көрөт.

Депутат Темир Сариев президент өз бийлигин бекемдөө үчүн эмес, кырдаалды жөнгө салуу үчүн чечкиндүү кадам жасап жаткандыгын далилдөө үчүн бир нече талаптарды аткарышы керек дейт. Башкача айтканда, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот органдарынан башка бийлик органдарын түзүүгө президент барбашы керек.

Ошентип, Жогорку Кеңеш бүгүн президент референдумга коеру күтүлүп жаткан Баш мыйзамдын жаңы редакциясын эркин талкуулоо менен чектелишти. Ушул эле күнү депутаттар Конституциянын жаңы редакциясын элге толук жеткирүүнү өкмөткө, БШКга сунуштаган токтом кабыл алууну макулдашты. Депутат Азимбек Бекназаровдун маалыматына караганда, өкмөттүк «Эркин тоо» гезити аркылуу долбоор 8 миң нускада жарыяланган. Башкача айтканда, учурда 5 миң жаранга бирден нуска гезит туура келүүдө.