7-октябрда Ош шаардык кенешине шайлоо жүрдү. Байкоочулар шайлоочулар добуш берүүгө пассивдүү катышканын белгилеп, мурдагыдай эле добуштарды сатып алуу аракеттери болгондугун айтып чыгышты.
№ 316-участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кабыл Алиев паспорт маселеси толук чечилбегендигинин кесепетинен көпчүлүк жарандардын шайлоого катыша албай калгандыгына ичи ачышып, ага удаа өлгөн кишилерди да тизмеге кошуп койгондугу үчүн шаардык бийликтин дарегине ачуу сын агытты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана Түштүк аймагы боюнча туруктуу өкүлү Абдыжапар Бегматов жергиликтүү мамлекеттик органдардын шайлоого кайдыгерлигин айыптап, Өкмөт тарабынан каражат ажыратылып турса дагы тизмелерди тактоо кеп эместигин кыйытты.
«Адам укугу жана демократия» борборунун директору Идирисбек Кубатбеков Ош шаардык кеңешине шайлоодогу терс көрүнүштөргө талапкерлерди жаман үйрөткөн шайлоочулар өздөрү дагы күнөөлүү деп эсептейт. Комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчилигине ичи чыкпагандын жашырбайт. Шайлоо жыйынтыгы чыр-чатактардын сот аркылуу уланышына негиз түзөт деген пикирде.
Шайлоого байкоо салган оштук бир катар бейөкмөт уюмдар мамлекетте утуру саясий өнөктүктөр өткөрүлө бергендиктен, элдин шайлоого кызыкчылыгы азайып кеткенин айтышат. Мындан ары шайлоо комиссияларынын курамын компетенттүү кишилерден тандоону, болбосо аларды үзгүлтүксүз окутууну сунуш этишет. Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин жоопкерчилиги абдан күчөтүлсө деген дагы көз караштар айтылууда.