Бүгүн Москвада америкалык жана россиялык министрлердин “эки+эки” форматындагы сүйлөшүүлөрү башталат. АКШдан - мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен Пентагондун башчысы Роберт Гейтс, Россия тараптан - тышкы саясий мекеме жетекчиси Сергей Лавров жана коргоо министри Анатолий Сердюков бир үстөлдө бетме-бет олтуруп, ортодогу айрым талаштуу проблемаларды талкуулашат.
“Эки+эки” форматындагы бүгүнкү жолугушууда кеп биринчи кезекте, арийне, АКШнын антиракеталык системасынын Польшага жана Чехияга жайгаштырылганы жаткан айрым элементтери жөнүндө болмокчу. Россия бул пландан өзүнүн улуттук коопсуздугуна тикелей коркунуч көрүп, альтернатива катары Азербайжандагы радар станциясын ортоктошуп пайдаланууну сунуш кылган. Жакында америкалык эксперттер Габалада болуп кетишкен эле.
Бүгүн башталып жаткан сүйлөшүүлөрдөн байкоочулар олуттуу өзгөрүштөрдү деле күтүшкөн жок. Москвадагы Карнеги борборунун саясий аналитиги Мария Липман, мисалы, АКШ өзүнүн планын жалпы дүйнөгө жарыялап алган соң андан баш тарта турган жолу жок, ошондой эле мааниде Россия да буга караманча каршы чыккан позициясынан кайткысы жок деп эсептейт.
Өткөн аптадагы маалымат жыйындарынын биринде Вашингтондо мамлекеттик катчынын орунбасары Даниэл Фрид орустар эгер Польшага жайгаштырыла турган дүрмөтсүз он ракетаны коркунуч деп эсептешсе, муну да талкуулап көргөнгө,кыскасы, ар кандай талкуу-таңашка АКШ ачык экенин айткан эле.
Төрт министрдин талаш-тартышында “кансыз согуш” маалында стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу АКШ менен Совет өкмөтү ортосунда кол коюлган келишимдин тагдыры да козголошу мүмкүн. Аталган келишимди жаңылоо же өнүктүрүү жагынан кандайдыр бир жылыштар болоруна ошол эле Мария Липман жышаан тапкан жок. “Менимче, азыр прогресс үчүн жакшы маал эмес. Эки өлкөнүн мамилелери улам төмөндөп баратат”, - дейт ал.
Мындан тышкары министрлер Косово проблемасын, Ирандын ядролук программасын талкуулашат. Провинцияга көз карандысыздык берүү идеясына Россия баштагыдай эле караманча каршы. Иранда болсо атомдук курал түзүүгө умтулуп жаткан далилдер жок деп эсептейт.
Америкалык өкүлдөр россиялык укук коргоочулар менен да жолугуп, демократиянын жана сөз эркиндигинин абалын талкуулоону көздөп жатышат. Укук коргоочу DEMOS борборунун төрайымы Таня Локшина түндүк Кавказдагы кырдаалда эч кандай өзгөрүү жоктугун белгилеп, АКШ Евросоюз менен биргелешип Россиядагы адам укуктарына байланыштуу жалпы саясат иштеп чыгуу зарылдыгын талкуулагысы келерин билдирди.